www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ажылык сапардын баасы 3350 доллар болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда 2020-жылдагы ажылык сапар акысы 3350 долларды түздү. Ажылык сапарга катталып, алдын ала 500 доллар төлөгөн жарандар калган 2850 долларын 26-февралдан 17-мартка чейинки аралыкта төлөөсү шарт. Төлөм РКС банк аркылуу жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, өткөн жылы зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болчу. Муфтият быйылкы баанын көтөрүлүшүн Сауд Арабиясы виза, медициналык камсызданырууга акча алына турганы менен байланыштырууда.
Мындан тышкары, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары кымбаттаган.
Муфтият эскерткендей, Баткен, Жалал-Абад облустарынан жана Ош шаарынан ажылыкка катталган талапкерлер акча төлөөдөн мурун, квотага илингенин аныктап алуулары керек. Аталган аймактарда ажылыкка барууну каалоочулардын саны Сауд Арабиясы берген квотадан ашып кеткен.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык орунга 6110 квота бөлгөн.
Кыргызстандыктарды быйыл ажылык сапарга “Flaynas” авиакомпаниясы ташыйт.
Булак: NazarNews.kg