www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын федералдык реестри 2018-жылы өлкө президенти Дональд Трампка, жубайы Меланияга жана мамлекеттик катчы Майк Помпеого башка мамлекеттердин башчылары берген белектердин тизмесин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Трамп менен анын үй-бүлөсү чет өлкөлүк мамлекет башчылардан жалпысынан 88 420 долларга бааланган белек алышкан.

Алардын арасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев берген белектер да көрсөтүлгөн. Алсак, өзбек лидери Трампка Самарканддагы «Регистан» комплексинин 2950 долларлык көчүрмөсүн, жубайы Меланияга 2400 долларлык кездеме белек кылган. Мындан тышкары мамлекеттик катчы Майк Помпеого 1580 долларлык жыгачтан жасалган үстөл жана отургучтар топтомун берген.

Мирзиёевдин белеги Путиндин Трампка берген белегинен дээрлик эки эсе кымбат. Орусиянын президенти ошол эле жылы америкалык кесиптешине 12 күмүш тыйын белек кылган. Ал 1500 долларга бааланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости