www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылы пандемиядан улам ажылыкка бара албай калган кыргызстандыктарга каражаттары кайтарылууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы ажылык парзды өтөө үчүн 9 миң 586 адам катталган.
"Акчасын кайтарып алам дегендерге муфтиятта эч кандай тоскоолдуктар жок. Арызын жазып, себептерин түшүндүргөндө автоматтык түрдө акчасы анын эсебине которулат. Ал жаран электрондук тизмеден чыгарылат. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жолу даттануулар болгон жок. Ал эми ажылыкка барам десе, анда тизмеде кала берет, акчасы дагы кайтарылбайт. Кезеги келгенде ажылыкка барып келет", - дейт ал.
Муфтияттан белгилешкендей, катталгандардын 2 миң 488и акчасын кайтаруу үчүн арыз жазышкан. Жалпы 18,5 млн доллардай каражат чогулуп, 7 млн 327 доллары кайтарылган.
Булак: NazarNews.kg