www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда акыркы жылдары үй-бүлөлөр арасында ажырашуу көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, президент Шавкат Мирзиёев үй-бүлө министрлигин түзүүнү демилгеледи. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Мирзиёев бул демилгени көтөрүп жатып, өлкөдө улуттук, үй-бүлөлүк баалуулуктар акырындык менен жоголуп бара жатканын айтып, жаштарды туура жолго салуу зарылдыгын белгилеп, көбөйүп бара жаткан ажырашуу көйгөйүн ооздуктоо керектигин билдирген.
Эске сала кетсек, өзбек президенти буга чейин, 18ге чыга элек кыздарга турмушка чыгууга тыюу салган. Мындан тышкары, аял-эркектин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам чыгарылып, эркектерди үй чарбасында дагы кол кабыш кылууга милдеттендирген.
Булак: NazarNews.kg