www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Люксембург Жогорку Герцогствосунун тышкы жана европа иштери министринин чакыруусу боюнча КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун тарыхта биринчи жолу Люксембургга сапары болду. Бул тууралуу 14-февралда, КРнын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Айдарбековдун Люксембург Жогорку Герцогствосунун тышкы жана европа иштери министри Ж.Ассельборн менен тар жана кенен форматтардагы жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасы менен Люксембург Жогорку Герцогствосунун ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташууну арттыруу маселелери талкууланды. Өлкөлөр ортосундагы долбоордук-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү жана кызматташуунун бардык спектри боюнча эки тараптуу байланыштарды активдештирүү үчүн ар кандай деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруунун зарылдыгы белгиленди.

Белгилүү замандашыбыз, дүйнөлүк атак-даңкы бар жазуучу, Кыргыз Республикасынын Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары иштеген Чыңгыз Айтматовдун эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө кошкон салымын тараптар канааттаануу менен белгилешти. Люксембургдун борбор шаарынын көчөлөрүнүн бирин Ч.Айматовдун атынан атоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн Министр Ч.Айдарбеков люксембург тарабына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле региондор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, атап айтканда, Кыргыз Республикасындагы Люксембург деп аталган айыл менен байланыштарды арттыруу жолдору каралды.

Министрлер авиакаттамдар, ошондой эле салык жана банк чөйрөлөрүндө эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелерин талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости