www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия же 20 жашка чейинки кыздарга мүнөздүү

Азия- табышмактуу сырларга бай, али кол тие элек көк тиреген, менменсинген бийиктиктери менен, наристе баладай байоо сезимдүү, ишенчек, керек кезде айбат берген курч мүнөздүү айжамал конфиденциалдуу континент.

Ачылып келе жаткан жаңы гүлдөй,

Сулуулук чачып турган ай-ааламага.

Наристе айоо сезим окшоп кетет,

Толукшуп чыгып келе жаткан айга.

 

Ишенчек сезимдери булгана элек,

Ишенип алар күтүп тандаганын.

Көзүнө паранжылар тартылса экен,

Көз артып арам жолдо алдагандын.

 

Көздөрү тике карап суктандырып,

Жүрөктү бир өзүнө тартып турган.

Көркөмдүү али кол да тие элек,

Денесин жаап жашырып катып турган.

Оо, Аялзат, улуусуң да, сулуусуң!

Последние новости