www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада кечээ, 8-мартта  Имам Сарахси атындагы башкы мечитте коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кыргызстан элин ар кандай кырсыктан, оорудан оолак сактоо кудайдан тиленди. Иш-чарага муфтий баштаган бир катар диний жана коомдук ишмерлер, аксакалдар катышты.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргызда бөөдө кырсыктан, түрдүү балээден сактасын жана ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып түлөө өткөрүү салты эзелтен бар экенин белгиледи.

Түлөөгө 2 бодо мал союлуп, эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилди. Мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймактарында да улантып өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандар катталбаганын маалымдоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости