www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бет ачар!

Кыргызстандагы революциялардын “бульдозери” атыккан Азимбек Бекназаров өзүнүн “Мен – кыргызмын” тарыхый-публицистикалык китебинин кезектеги чыгарылышынын  бет ачарын 2020-жылдын 10-февраль күнү саат 10до “Парк Отель Бишкекте”  (Орозбеков көчөсү – 87 дарегинде) өткөрүп аткан чагы. 

Азике бул жаңы китеби менен адаттагысындай эле далай саясатчылардын “жүзүн” ачарына ишене бериңиз! Аны биз айтпайлы да, Сиз сурабаңыз! Андан көрө бер ачарга келип, өз оозунан угуп кеткениңиз оң! «Бульдозер» көп нерсени ачык эле айтып салмай жайы бар эмеспи. Китептин бет ачарында дагы көптөр тууралуу көп кызыкты салат деп ишене бергиле. Анын ичинде сөзсүз бийлик да болушу мүмкүн. Бул биринчиси.

Курултай

Айтмакчы, Азикеңдер ага чейин, 8-февралда саат 10.00дө “Айкөл Ордо” Дасмия этно комплексинде Бийликтин аткарган иштерине коомдук баа берүү курултайын да өткөргөнгө бел байлап турат.

Кызык, бийликке кандай баа берилээр экен? Анткени, мурунку курултайда азыркы Президентке араң-араң “3” деген баа коюлду эле. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевге бийликти узурпациялагандыгы, коррупциялык иштерди уюштургандыгы үчүн токтоосуз кылмыш жоопкерчилигине тартылсын,- деген чечим чыгарган.

Эртеңки курултайда Конституциялык реформа жана кен байлыктарды элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын корутундусу, Сот реформасы жана коррупция менен күрөшүүнүн жүрүшү тууралуу маселелер каралаары белгилүү.

Бул курултай кимдерди жана эмнелерди мээлеп жатты болду экен?.. Азике бийликке катуу сөз айтып, элчилик кызматка кол шилтеп, радикалдуу оппозицияга ооп кетпейби?

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости