www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык муз бийчиси Элизабет Турсынбаева дүйнөнүн 10 мыкты бийчилеринин катарына кирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

"Өткөн жылдын март айында Элизабет Японияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыган эле. Анда муз бийчиси чоңдор арасында тарыхта биринчи жолу сальхов секиригинде төрт жолу айланган", — деп айтылат макалада.

Рейтингде мыктылардын үчтүгүнө япониялык спортчулар Рика Кихира, Сатоко Мияхара жана россиялык Алина Загитова кирди. Турсынбаева 10-орунду ээлеген.

 

Эске сала кетсек, Турсынбаеванын апасы кыргыз кызы Падишахан Султаналиева. Мектепти аяктаган соң Москвага барып, МГУнун экономика факультетинде билим алган. Жолдошу казакстандык.

Элизабет 2015-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарындагы мелдеште экинчи орунду, 2016-жылы Жаштар арасындагы II олимпиадалык оюнда жана 2017-жылы Кышкы Азия оюндарында үчүнчү орунду ээлегени маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости