www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда помидорлорго коркунуч туудурган жаңы вирус пайда болду. Азыркы учурда вируска каршы вакцина жок. Бул тууралуу National Geographic басылмасы билдирди.

Франциянын Айыл чарба Министрлиги помидорго таасир тийгизген вирусту алдын алуу үчүн талааларда көзөмөл күчөтүлгөнүн айткан.

ToBRFV деген атка конгон вирус жалбырактарда жана тамырларда сары жана саргыч тактарды калтырууда. Ошондой эле, түйүлдүктүн өрчүшүнө тоскоол кылып, жер-жемишти сатууга жараксыз болуп жатат.

Anses азык-түлүк коопсуздугу боюнча агенттиги вирус жуккан уруктар аркылуу гана эмес жер-жемиштер бири-бирине тийишкенде да жугушу мүмкүн деп билдирген. Аталган агентствонун эксперттери вирус жуккан талаалардагы жер-жемиштерди өрттөө сунушун киргизди. Чыгаруучуларга күбөлөндүргөн уруктарды сатып алууга, мүмкүн болсо өлкөдөн тышкары сатып алууга сунушталат.

Өлкөнүн Айыл чарба министрлиги быйыл 350дөн кем эмес помидор, калемпир, баклажан себилген талааларды текшерүүдөн өткөрөт.

Азыркы учурда вируска каршы вакцина жок. Фермерлерге таалардагы жер-жемиштерди жок кылууга туура келип жатат.

Маалым болгондой, вирус башка жемиштерге да коркунуч туудуруп жатат, бирок адамга эч кандай коркунучу жок.

Белгилей кетсек, биринчи жолу вирус 2014-жылы Израилде чыккан, бир жылдан кийин Иорданияда. Ошондон бери ал Франция, алты европа өлкөлөрүнө жана Түркия, АКШ жана Кытайга да жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости