www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл короз жылын иттей окуялар менен узатып жатканыбызды да айта кетели. Кекиртеги короздукундай кызарган жемкорлордун мурдуна чүлүк салынып,тиешелүү ордуна күп этип түштү. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй тилин оң,солго соймоңдоткондор деле өз энчилерин алышты. Падышага каяша айтып калжаңдагандарды деле мойнуна ала жипти байлап тынчытып салышты. Бийликтин укуругу узун болот дегенге ынабагандардын эсебин табууга туура келди окшойт. Улуттук касташууга “чыйыр” салгысы келгендерди акырын чет тарапка узатып коюшту. Батышка карап түздөнүп, курсагын колага кампайткандарды тим коймок беле? Агалаганды билбесең жат жерди сагалайсың деп туруп “ногдаунга” кетиришти. Айтор, короз жылында оңбой калгандар болгонун деле жашырууга болбойт.
Негизи сасыткы жумурткадан балапан чыгарам дегендердин кыялы ишке ашкан жок. Арийне, кубаты жок кызыл короздун айынан тооктор какылыктабай, тууп түшпөй калышты. Аларга альтернатива катары тоок фермалар ишке киришти. Ал жердеги тооктор корозго зар болбой эле дары кошулган жемди жеп,сууну ичип кожоюнун байытып жаткан кези. Ферманын ээси күнүнө үч маал жумуртка чогултуп, аны дүкөнгө өткөрүп жыргап жатат. Планы толбой калса терезеге караңгы парда тагып коюп “не плановый төлүн” алууга туура келет. Кызылдай акча таап жаткан соң короз издеп кереги барбы? Атаганат, антсе да жумурканын сарысы болбогондон кийин эркектаналарга кайдан күч чогулмак эле? Дарамети баштагыдай болбой калганын сезген эстүү ургаачылар айылдан келгендерден сурап туруп жумуртка сатып алганын көргөндөр бар. Колдун тоогунун жумурткасы сапсары болорун беш жаштагы бала деле билет.
Ал эми мага баары бир, үйдөгү аяк бошотордун карды тойсо эсеп деген акылы жок аялдар болсо кытайдын арзан жумурткасына качырышат. Кыкеңдер урдура берет деп ойлогон жымшык көздөр түнү менен жасалма жумуртка токуп биздин эсептен байып кетишүүдө. Эгерде турмуш ушундай нукта улана берсе биздин ургаачылар бирден,ашып кетсе экиден “төл” берип калаары турган иш. Анткени эркек кубаттуу эмес. Ошондуктан элет жериндегилерди жүгүрчөөк корозду көп баккыла, жемге жүгөрү бергиле, эркеги кубаттуу болсун деп үгүт жүргүзүү зарылчыгы келип чыккандай.Антпесе тооктор айры куйрук менен нак короздун айрымасын билбей калышаары ырас. Муну мамлекеттик маселеге айлантпасак болбойт.
Эми көбүңөрдү ойго салбай сөздүн ток этер жерин айталы. Акыйкатында тоок жылын үзүрлүү узатканы турабыз. Жаңы падышалуу болдук. Ит болсо босогодо мурдун кылайтып мына кирип келем деп турат. Жаңы жылды итче ырылдашпай, жылуу-жумшак тосуп алалы. Тоок болсо түйүнчөгүн камдап кеткени калды. Ылайым итче кабышпай, бири-бирибизге жармакташып оокатыбызды кылалы. Кабанаак канчыкка окшобой ала көөдөн, момун дөбөттүн кейпинде турмушубузду улайлы.Жалпы калкка ит жылы жакшы жылдардан болсун демекчибиз.
Жора Сулайманов
“Ачык сөз”