www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто каза болгон 6-класстын окуучусунун туугандары атасынын баласынын өлүмүнө тиешеси жок экендигин айтышууда. Ош облусунун ИИБнин берген маалыматы боюнча, туугандары өз көрсөтмөлөрүндө окуучу бала достору менен футбол ойноп жүрүп, үйгө көк ала болуп келгендигин айтышкан.

“Файзула болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келген, үстүндөгү кийимдери кир болуп, бети көк ала болгон. Ошондо биз андан эмне болду деп?-сураганда, ал футбол учурунда балдар урду деп жооп берген. Биз ага көңүл бурган жокпуз, түн ичинде ал өзүн жаман сезгенде тез жардам чакырдык. Бирок, тилекке каршы, ал каза болуп калды. Атасы күнөөлүү эмес, ал өзүнүн баласын сабаган жок”,-деп билдиришти туугандары.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында түнү болжол менен саат 2лер чамасында Шакиров көчөсүндөгү үйгө чакыруу менен тез жардам кызматы келген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости