www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын: «Ядролук кнопка үстөлүмдө»,- деген сөзүнө «Меники дагы чоң жана дагы күчтүү. Айрыкча иштеп жатат»,- деп жооп берген АКШнын президенти Дональд Трамптын негизи баса турчу кнопкасы жок экени белгиленди.

АКШнын президенти оңой эле кнопканы басып эмес, өтө жашыруун жана баш аламан процесссин негизинде ядролук кол салууну ишке ашыра алат.

Трамптын кнопкасы эмес, кайда барса кошо барган жана англисче «nuclear football» деп айтылган «ядролук курал көзөмөлдөө сумкасы» бар.

Президент кайда барса да кезектешкен абалдагы аскердик офицерлер тарабынан ошол жерге алып барылган ядролук курал сумкасында, байланыш аппараттары жана мурда даярдалган согуш пландары жазылган бир китеп бар.

АКШнын президенти ядролук кол салуу буйругун бере турган болсо, жөн гана өзүндөгү коддор менен Коргоо министрлиги Пентагондогу аскердик жооптуу кызматкерлерге ким экенин айтып коет.

Бул коддор президенттин ар дайым көтөрүп жүрүүгө аргасыз болгон «печенье» деген карточкасында жазылып турат.

Өзүнүн ким экенин тастыктагандан кийин президент, атуу буйругун Пентагон менен Стратегиялык командирлигине билдирет.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости