www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Азимбек Анаркулович, Кыргызстанга эсен-аман келишиңиз менен! Бизге таарынган жоксузбу? Сизден интервью алып, кызматтан кетишиңизге себепчи болгондой, ыңгайсыз жүрөбүз...
-- Рахмат! Эч кимге таарыныч жок. Силер суроо салдыңар, мен жооп бердим. Ал интервьюда элдин бийлигине, элдин байлыгына болгон мамилелери боюнча атуулдук жеке пикирим айтылды. Кумтөр алтын кениндеги жемкорлук (коррупциялык) схемалар жөнүндө 20 жылдан ашык мезгилде ушуга окшогон эле ондогон интервьюларды берип, докладдарды жасап келгемин Акаевден тартып Жээнбековдун заманына чейин. Эми эки Жапаровдун доорунда деле ал өзгөрүлбөйт. Анткени, маселе уурдалып келген элдин байлыгына, ууланып жаткан кыргыз жерине байланыштуу ачуу фактыларда жатат.
-- Келээриңиз менен сотко барыптырсыз. Эмне иш боюнча чакырышты?
-- Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишке күбө катары чакырган экен. Бирок, сот болбоду.
-- Эми кандай пландарыңыз бар? Эмне иш кылайын деп жатасыз? Эл арасында "бульдозердон" көп нерсени күткөн күбүр-шыбыр көп... "Бульдозер" эми "Байрактарга" айланбайбы?
-- Пландар абдан көп. Кыла турган жеке иштерим да толтура. Бирок, оболу мени кызматтан алган Президенттин Жарлыгындагы менин Конституциялык деңгээлде корголгон кадыр-баркыма атайын доо келтирген бөлүгүн (Негиздеме бөлүгү) жокко чыгартуу иши аяктамайынча башка иш-пландар токтотулат. Бул маселе боюнча Президентке расмий кайрылгам. Себеби, Жарлыктын ал бөлүгү мыйзамдарга да, чындыкка да дал келбейт. Президенттен атайын комиссия түзүп, "адилеттүү Жарлык чыгарыңыз", деп суранганмын жана аны күтүп жүрөм.
-- Президенттин Жарлыгы сотто каралбайт дешет го...
-- Адамдын аброюна атайын шек келтирген, басмырлаган мыйзам, Жарлык башка ченем актылар кабыл алынбайт. Жарлыктын мени кызматтан алган бөлүгү боюнча мен арызданбайм жана соттошпойм. Менин басмырлаган кадыр-баркыма доо кетирген Негиздеме бөлүгү боюнча Президентке кайрылдым, "Жарлыгыңыздын ошол бөлүгүн атайын изилдетип, акыйкат чечим алыңыз" деп. Жооп ала элекмин.
-- Бизге жеткен расмий эмес маалыматтар боюнча Жарлык Сиздин арыздан кийин оңдолуптур го...
-- Ооба, ошол арыздан кийин мага берилген Жарлыкта да Президенттин пресс-кызматы тараткан Жарлыктагы негиздеме жок. Мүмкүн, оңдолгон. Бирок, оңдолгон Жарлык боюнча Президенттин басма сөз кызматы эч жакка чыгарган жок. Мурдагысы жокко чыгарылмайынча менин соттошуу укугум күчүндө турат.
-- Эгер жашыруун болбосо, иш пландарыңыз боюнча бөлүшпөйсүзбү? Сиз чоң саясатчысыз. Демек, кызматтан кетсеңиз да, саясаттан кетпейсиз да, туурабы?
-- Ооба, туура айттыңыз. Саясаттан кете албастыгымды өзүм да сездим. Себеби, биз баштаган "Кумтөр" алтын кениндеги башка жемкорлук (коррупциялык) схемалар боюнча саясый күрөштүн максаттары эл күткөндөй деңгээлде ишке ашпай жатканы сезилүүдө. Мен ар дайым аракеттеги саясатчы болгум келет. Саясаттагы аксакал катары "Жапаров-Ташиев" дос бийлигине чын пейилимден үмүт артып, унчукпай коё албай, калыс сөзүмдү жашыруун да, ачык да айтып жүрөм. Дагы айтам.
Бирок, алар акырындап сын-сунуш пикирди уккусу келбей баратышат. Укпаса да, айтуум керек. Калыс сөздү айтпаса, аксакалдан не пайда?.. Эки инимди деле мурдагы президенттерди акырындап тегеректеп алган ККСлар (кесипкөй кошаматчы сойкулар), негизинен, тегеректеп алышты. Жапаров-Ташиев тандеми жаңы бийликке келгендеги мекенчил күчтөр саналуу эле калды. Биз Жапаров-Ташиев бийлигин ККСден сакташыбыз керек.
-- Кантип?
-- Жогоруда айтпадымбы, иш-пландар көп деп. Көз карандысыз Улуттук улуу майрамыбыз өтсө, ага чейин эски-жаңы достор менен баарлашып, эл аралап, элдин мүдөөсүн угуп, көрүп, кеңешип дегендей... Анан жогоркудай жарлыктан кийин элге эки жарым жылдык элчилик ишим боюнча кеңири отчет берейин деген оюм бар. Себеби мени "күнөөлөп" коюшпадыбы?.. Ошондо көп нерсе айтылат.
Мисалы, мага айрым аксакалдардан, жаш активисттер тобунан "Күзүндө бийликтин курултайына альтернатива болгон нукура элдик курултай өткөрүп, азыркы бийликтин эки жылдык ишмердүүлүгүнө, элдик байлыктын кейиштүү абалдары, 27 тонна алтын боюнча ж.б. маселени карап, элдик баа берели, Сиз тажрыйбалуу курултайчы катары башыбызга туруп бериңиз" деген сунуш менен чыгышууда. Мен шашылбай, аркы-беркисин салмактап, жооп берейин деп жатам.
Анткени, ал элибиздин биримдиги менен мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетпейби, чагымчылдыкка (провокацияга) айланбайбы, терең ойлонуу керек! Калган сөздү, буюрса, боло турган пресс-конференцияда сүйлөшөлү, макулбу?
Булак: NazarNews.kg