www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги –КУМКБ түзгөн Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин демилгеси менен эртең 17- май күнү, саат 10.00 до баардык облустарда аймактык Курултайлар өтөт. Бул тууралуу ТЭКтин төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди.
Бишкек шаары жана Чүй облусунун биргелешкен Курултайы Бишкек шаарындагы "Ак кеме" мейманканасында, Ош обл менен Ош шаарындагы "Байсан" кафесинде, Жалал-Абад шаарында Барпы театрында, Аксы аймагында Топ жаңгакта,Таласта "Кырк Чоро" театрында, Нарында "Жаштар ордосунда", Ысык-Көл облусунда Балыкчыда жана Түптө, Баткен облусунда, Кадамжайда өтөөрүн кабарлайбыз. Калоочуларга эшигибиз ачык”, - деди Азимбек Бекназаров.
Ал эми, 23- май күнү Бишкек шаарында Жалпы Улуттук Курултайды уюштуруу иши кызуу жүрүүдө. Жергиликтүү Курултайлардын болжолдуу күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат;
1.Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдигинин уюмдашуу жыйынында кабыл алынган чечимдер жөнүндө. (КУМКБнын Элдик Курултай институтун Баш мыйзамга багыттоочу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктары менен киригизүү багытындагы Меморандуму, Кыргыз паспортунда “Улуту” деген графанын ачык, так жазылышын талап кылуу, Туруктуу Элдик Кеңеш – ТЭКтин түзүлүш зарылчылыгы)
2.Туруктуу Элдик Кеңештин демилгеси менен 2017-жылдын 23-май күнү Бишкек шаарында өтүп жаткан Жалпы Улуттук Курултайга делегаттарды шайлоо.
3.Ар кыл маселелер”, - деп толуктады ТЭКтин төрагасы.
Булак: NazarNews.kg