www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африканын түштүк континентиндеги Зимбабве Республикасында жашаган динчил Джонатан Мтетва өзүнүн чиркөөдөгү окуучуларына пайгамбар Иисус Христос сыяктуу суунун үстүнөн баса аларын айткан. Ал акыркы күндөрү дин таануучулары менен Крокодилдүү дарыянын жээгине үзгүлтүксүз каттап, динге болгон ишениминин күчүн көрсөтүү үчүн суунун үстүнөн басууну каалаган. Динчилдин окуучуларынын айтымында, ал суунун үстүнөн басуудан мурун бир жума бою кудайдан жалынып суранган.


Новости Планеты басылмасынын маалыматына караганда, Джонатан Мтетва 13-майда эртең менен аталган дарыяга 30 метр тереңдикке чейин кирген. Бирок, 3 чоң крокодил кол салып, аны суунун түбүнө алып кирип кетишкен. Куткаруучулар окуя болгон жерге келип, Джонатандын бут кийими жана ички кийиминен башка эч нерсе табышкан эмес. Мындай маалымат turmush.kg сайтынан алынды.

Булак: "NazarNews"

Последние новости