www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Цзянцзинь шаарында өлдү деп жерге коюлган наристени ит жерден тирүү куткарып чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ит буттары менен бир жерди тытмалап казып, ээсине кайра-кайра үргөн. Анын ээси ит казган чуңкурга барса, ак кепинге оролгон кичинекей бала ыйлап жаткандыгын көргөн. Куткарылган наристенин төрөлгөнүнө бир ай эле болгон. Анын кан басымы төмөн түшүп, жүрөгү акырын соккондуктан оорукана жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Алар бир айлык баланын абалы жакшырып бара жаткандыгын айтышууда.
Учурда милиция кызматкерлери наристенин жакындарын издеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, бала жаңылыштык менен тирүүлөй жерге көмүлгөн деп маалымдайт turmush.kg сайты.

Булак: "NazarNews"

Последние новости