www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен Икрамжан Илмияновдун маселеси боюнча пикир алыштык.

-Азимбек Анаркулович, Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулушу коомчулукта чоң талкууну  жаратты. Жактоочусу кайрылганда эске алынбай, мамлекеттик жаза аткаруу мекемеси комиссиянын чечими менен жатак абакка которгону мыйзамдуу элеби? Кандайдыр бир күмөн иштен белги бербейби? 

-Мыйзам боюнча жактоочу айтса эле аткарыла бербейт, ошондой атайын комиссия карап чечет.

-Ошентсе да ал качып кетет деген пикирлер арбын болуп жатат го…

-Илмиянов качып кетсе, жооптуу кишилер бар. Ошолор жооп берет. Чындап келгенде Илмиянов жазасын өтөп бүткөнү калды. Эми каякка качат эле.

-Мындан ары Атамбаевдин командасына акырындык менен жеңилдик берилип, жазалары жумшартылбайбы?

-Камалгандар өмүр бою түрмөдө жүрө бербейт да. Жаза мөөнөтүн өтөгөндөр акырындап чыга берет. Сот чегерген жазаларды эч ким жумшартпайт, мезгил өтүп жатат.

-Мындай учурда коррупция беренеси менен камалгандарды, мамлекеттик кызматка иштей албайт деген чечим чыгарып, ири суммадагы каражат төлөөгө милдеттендирип, ал каражат менен бюджеттин бөксө жерин толтуруп, оорукана салып, мамлекеттен алганын кайра мамлекетке ашыгы менен кайтарып алууга мыйзам жол береби?

-Өкүм менен соттолуучуга мыйзамда белгиленген жазанын түрлөрүнө ылайык кошумча жазаларды да соттор чегерет. Мыйзамдагы жаза мөөнөтүн, анын түрлөрүн Жогорку Кеңештин депутаттары аныктайт. Мен билгенден Илмияновго кылмыш иш коррупция беренеси менен козголбосо керек эле. Ал алдамчылык менен соттолгондой болгон. Атамбаевдин  эң жакын ишенимдүү адамдарынын бири Илмиянов болгону чын. Эгерде Атамбаев Ниязовду эмес, Илмияновду көбүрөөк укканда жок эле дегенде өзүн бийликке алып келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө душман болбойт эле. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү да  өз кезегинде Атамбаевге мыйзамсыз иштерди жасатмак эмес. Фарид Ниязов Бакиевдердин үй-бүлөсүн экиге бөлгөн Медет Садыркуловдой эле, Атамбаевдин тарыхый досторуна аны душман кылганга чоң салым кошту. Анын ичинде азыркы президент менен Илмияновдун Ниязовго караганда өлкө үчүн да, жеке Атамбаев жана анын үй-бүлөсү үчүн да зыяны аз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости