www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Ташболот Балтабаев менен Икрамжан Илмияновдун жазасынын жеңилдеши боюнча пикир алыштык.

-Ташболот мырза, Икрамжан Илмияновдун жазасы жумшартылып, камактан оңой кутулганын сыры эмнеде деп ойлойсуз?

-Мага эчак эле түшүнүктүү. Бул маселени түрмөнүн жетекчиси өзү чечип койду дегенге ким ишенет - жогору жактан ишаарат болмоюнча мындай нерсе болушу кыйын экенин Батукаевтин окуясы деле далилдебедиби?

-Бул жерде мыйзамдан мурун тааныш билиштик роль ойноду дегенге көбүрөөк ынанасызбы?

-Башкалар рак менен ооруп чирип жатса деле чыгарбай жатышпайбы. Эски эмгеги сиңген адамдар гана ушундай чыгат. Кантип эмгеги сиңгенин Илмиянов жана аны менен аралашкандар  жакшы билсе керек. Эгер баары мыйзам алкагында болгондо башкасын айтпай эле коёюн Садыр Жапаровду үч жыл мурун эле Илмияновдой кылып чыгарып койсо болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости