www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азимбек Бекназаров маалымат жыйын берди. Ал Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскартылып, акталганына карата билдирүү жасады. Анын айтымында, Конгантиевдин акталса да, сот аркылуу акталышы керек болчу, анын ишин тергөөчү эле кыскартып койду. 

Биринчиден, Конгантиевге кылмыш иши козголгон жылдары Бекназаров башкы прокурор, Атамбаев досу премьер, президент болгон. Убактылуу өкмөттө да отурушкан, бийликти мыкчый кармап.Досу экөө кылары ишти кылган.

Экөөлөп ошондо эле Конгантиевди соттотуп, арыдан-бери кылса болот эле да? Ушунча жыл унчукпай отуруп, эми чыга калганы бир гана нерсени айгинелейт – Бекназаров кайрадан революцияны самап, андан акча жасагысы келип калганын. Бакиевдин адамдары деп опурулганы менен өзү айткандай "Башпуркурор" болуп турганда, таалада гүл терип, досу Алмазбек Атамбаев экөө көпөлөк кууп ойноп жүргөнбү? 

Кыскасы экс досу экөө Бакиевдерди жүрөгүнөн чыгара албай убара. Ушул эки экс доско кылмыш иши ачылса жакшы болот эле. Анткени, Апрель окуясындагы каза болгондорго жана  Ош окуясына экс эски досу, анан Розу Отунбаева түздөн-түз жооп бериши керек. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости