www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, Икрамжан Илмиянов Көкбөрү федерациясынын президенти болуп шайланганы анын эбегейсиз байлык топтогонун, таасири өскөнүн далилдеген:

​- Көкбөрү федерациясынын жетекчиси болгондо "булар эң чоң коррупциянын, эбегейсиз байыганынын, миллионер эмес, миллиардер болгонунун далили" деп айтып чыккам. Анткени бул федерациянын жетекчилеринин баары кыргыздан чыккан байлар, таасирлүү адамдар. Ал жакта жөнөкөй адамдар жок. Министр да эмес, жөнөкөй эле шопур Илмияновдун бул кызматка дайындалганы - анын байыганынан уялбай, тескерисинче сыймыктанып, чиренгенинин далили болгон. Былтыр Атамбаев аны "вазирим, оң колум" деп орден бергени анын "капчыгы" болгонун далилдеген. Майрам Акаеванын (мурунку президент Аскар Акаевдин жубайы - ред.) жана Жаныш, Максим Бакиевдердин (мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси менен уулу - ред.) таасирин кошкондо да аларда Икрам Илмияновдукундай бийлик болгон эмес. Алмазбек Атамбаевдин "үй-бүлөлүк башкаруу жок, туугандарымды бийликке алып келген жокмун" дегени башынан эле калп болчу. Анткени ал бийликти аялына, баласына, бир тууганына эмес, шопуруна берип койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости