www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын көмүр рыногунда көп жылдардан бери Казакстандын “Шабыркүл” көмүр кенинен өндүрүлгөн продукциялар үстөмдүк кылып келе жаткандыгын жакшы билесиздер. “Шабыркүлдөн” өндүрүлгөн көмүрлөр жакшы күйөт, күлү аз чыгат, табы да күчтүү, бирок чогу көпкө сакталбагандыктан чоң отказандарга көп пайдаланылбайт. Аны сатып алган жекече керектөөчүлөр көбүнчө Кара-Кеченикине аралаштырып пайдаланышат. Ага салыштырганда Сүлүктүдөн, Таш-Көмүрдөн ж.б. кендерден өндүрүлгөндөр кыйла сапаттуу, ТЭЦтерди, ири отказандарды жергиликтүү көмүрлөргө өткөрүү жөнүндө көп айтылды, бирок АШАнын тушунда аларга артыкчылык берилип, жергиликтүү шахтёрлор чындап колдоого алынбады. Эмне үчүн?
Себеби жөнөкөй эле. Анткени, “Шабыркүл” шахтасынын ээси-- Казакстандык миллиардер Александр Машкевич. Ал эми А.Машкевичтин Кыргызстандагы “крышасы”, бизнестеги кызыкчылыктар боюнча досу-кадимки биз жакшы билген Алмаз Атамбаев болуп саналат. Алардын достугу кайсыл учурда, эмнеден улам башталгандыгын билбейбиз, бирок АША бийликке келгенден бери А.Машкевич өз шахтасында өндүрүлгөндөрдү  өнөктөш досу Паттох Шадиевдин “Рассвет компани” деген фирмасы аркылуу Кыргызстанга экспорттоп келе жатат. Анын Кыргызстандын көмүр рыногундагы монополиясын бузууга аракеттенгендер АША тарабынан аёосуз жазаланып келген. Анын бир мисалы катарында экс-башкы прокурор А.Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун ишке ашпаган аракетин көрсөтсөк болот.
Ал компетенсиздигинен улам Казакстандын “Жезказган энергосбыт” компаниясынан “Электр станциялары” ААКсына 640 миң тонна көмүрдүн сатып алынуусуна сүрөөчү боло койгусу келип, анын айынан өзү да күйүп кетти, аялы Аида Салянованы да АШАга жек көрүндү кылды. Өзү 7 жылга эркинен ажыратылды, аялы 5 жыл алып, өкүмдүн аткарылуусу кызы 14 жашка чыккыча кийинкиге калтырылды. А.Салянованын жана анын күйөөсүнүн жасагандары мыйзамга ылайык келбейт, бирок Б.Абдыкапаров АШАнын энчисиндегилерге тийишпесе, А.Елисеевдин жоболоңдуу лицензиясын эч ким деле эстемек эмес. Башкаларын айтпайлы, АШАнын жанында жүргөндөрдүн бири ликер-арак заводун, бир банкты тендерсиз ит арзанга сатып алды го. Анда мыйзам бузуулар болгондугун АША эң жакшы билет, бирок  дың деп үн катпады, анткени ал АШАнын епархиясындагыларга тийишкен жок.
Эми АШАнын көмүр бизнесин да көзөмөлдөөсү качанга чейин уланып, жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөр качанга чейин иш жүзүндө эмес, сөз жүзүндө гана колдоого алына беришет? - деген бир гана суроо пайда болууда. Казакстандык бир шахтанын Кыргызстанда монополист болуп алгандыгы жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөрдү гана бутка тээп, өнөр жайынын өнүгүүсүнө, жаңы жумушчу орундардын түзүлүүсүнө тоскоол болуп жатпайбы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости