www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына, сиздерге суроо... Жооп бере аласыздарбы?

Бул суроо менин санаамда алыскы мектеп кезинен бери бар. Эң биринчи жолу 9-класста кабинетибизге жаңы мугалим эжейибиз кирип келгенде биздин эркек балдар андан көз албай калган эле. Адатта алышып-жулушуп, башка мугалимдерди укпаган балдар ошол эже киргенде тилден калышат эле.

Анын себебин мен кокусунан эки баланын маегинен угуп калганда билдим: “Мына сага... көкүрөгү сонун го, ээ?!”

“Фуу!” дедим ошол убакта. Мага ошондо аял көкүрөгү деген жийиркеничтүү көрүндүбү же мугалимдин көкүрөгү балдардын назарына илингени үчүн жийиркендимби, аны өзүм да билбейм. “Эмнеге дал ошол көкүрөгү?! Эмнеге буту эмес, башкасы эмес...”

Өзүм бой жетсем да ушу тууралуу анда-санда ойлоп койчу элем. Жакында мындай бир маалыматты окудум. Бул суроо бир мени гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштууларды да ойлондуруп жүрөт экен.

Сурамжылоо жүргүзгөндө ага эч ким жооп бере алган эмес. Болгону “эмии... жашоого биринчи келгенде көргөн “таттуусу” ошол да, эми...” дегенден ары эч ким аша алган эмес.

Эмесе бул суроого анык жооп табалы.

Ар бир адамдарда “махабат баңгизаты” деген болот. Анын кайсы учурда пайда болору төшөк катнашынын даамын таткандарга, деги эле сүйүп көргөн ар бир адамга белгилүү.

“Махабат баңгизатынын” илимий аталышы – нейрохимиялык окситоцин. Көптөгөн тажрыйбалар көкүрөк үчүн укалоо аялдагы жыныстык дүүлүгүнү пайда кыларын көрсөткөн. Ошол учурда аялдын мээсинде окситоцин бөлүнүп, дене каалоосу артат.

Демек, эркектердин аял көкүрөгүн жактыруусунун түпкү сыры да ушунда жатат. Көкүрөк аркылуу өздөрү жактырган аялдарынын каалоосу боло ала турганына ишенет. Ошондуктан да кызыга карайт.

Дагы бир кызык...

Жапондук окумуштуунун пикиринде, аялдын сырткы келбетине карап ага мүнөздөмө берүү өтө кыйын. Аялдардын алдабаган бир гана дене мүчөсү – көкүрөк!

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости