www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 12 депутатына ар кайсы беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Муну “Азаттыктын” кабарчылары атайын иликтөөнүн алкагында эсептеп чыгышты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Булак: 

Алар: КСДП фракциясынан - Нурмахаммат Баяхунов, Музаффар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, “Республика - Ата-Журт” фракциясынан - Өмүрбек Бабанов, “Ата Мекен” фракциясынан - Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, “Бир Бол” фракциясынан - Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, “Кыргызстан” фракциясынан - Канатбек Исаев жана Дамирбек Асылбек уулу.

Депутаттарга “Коррупция”, “Алдамчылык”, “Массалык баш-аламандык уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу аракети” жана башка беренелер менен айып тагылган.

Булардын ичинен төртөө сот чечими менен мандатынан ажыратылса, экөө өз эрки менен тапшырган. Үчөө Кыргызстанда, бирөө Казакстанда камакта. Экөө чет өлкөгө кеткен бойдон дайынсыз. Алардын бир тобунун ордуна жаңы депутаттар келген.

Жогорку Кеңештин азыркы, алтынчы чакырылышы 2015-жылы 4-октябрда шайланган. Парламент алты фракцияга кирген 120 депутаттан турат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости