www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акырындап унутулуп бараткан Азимбек Бекназаров деген саясатчы биротоло унутулуп калбоо үчүн кез-кезде маалымат жыйындарын өткөрүп, коомдогу айрым резонанстуу окуяларды комментариялап турат.

Бул жолу 2010-жылдын 6-апрелиндеги окуядагы иштеринде кылмыштын белгилери жоктугуна байланыштуу Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулгандыгына наарызылыгын билдирип, “аракеттеги президент Өмүрбек Текебаев, Канат Исаев сыяктуу саясатчыларды түрмөдөн бошоттургандын ордуна 2010-жылдын апрелинде оппозизиячылдарга каршы турган М. Конгантиевдин кылмыш ишин токтоттургандыгы туура эмес” дегендей ойлорун айтты. Кыргызда: “Ар ким башканы өзүндөй ойлойт”, орустарда: “Каждый судить по своей испорченности” деген макалдар бар. Анын сыңарындай, тийиштүү органдар М.Конгантиев боюнча жакында кабыл алган чечимди алабарман Азикебиз да өзү 2005-жылы Башкы прокурорлук милдетин алабарман аткаргандай, 2010-жылдын апрелиндеги революцияда өзү “временщиктер” менен ар кандай иштерди жасагандай алкакта карап, баалаптыр. Алар эмне экендиктерин алабарман Азикебиздин эсине салып коёлу.

Биринчиден, укуктук адилеттүүлүктө “биз тараптык, тигил тараптык, биз тараптагылар мыйзамдарды тебелешсе да туура, тигил тараптагылардыкынын кызматтык милдеттерин аткаргандары да кылмыш” дегендей же 2005-жылы 24-мартта Ф.Кулов баштагандар соттун чечимисиз эле түрмөлөрдөн чыгарылып жибергендей, 2010-жылы банктардын ячейкаларындагы ар кимдердин аманат акчалары соттун чечимисиз каракталгандай, тополоңдон пайдаланып айрымдар бирөөлөрдүн мүлктөрүн, байлыктарын рейдерлик жол менен тартып алышкан сыяктуу ж.б. көрүнүштөр таптакыр болбошу керек. Алар мүмкүн, саясый жактан зарыл чечим болгондур, бирок укуктук жактан кылмыш экендигин эч ким тана албайт. Каалайбызбы, жокпу, бирөөгө жагабы, жакпайбы, баары бир ал юриспруденциянын тарыхына укуктук наадандык (мүмкүн кылмыш) катарында кирип калат. Кыргызстандын тарыхында мындан ары андай көрүнүштөр болбошу керек, ошон үчүн аракеттеги президент бардыгы укуктук тилкеде гана чечилүүсүн камсыз кылып жатат. А.Бекназаровдун азыр укуктук, соттук маселелер боюнча аракеттеги президентти айыптап жаткандыгы - анын юриспруденция боюнча илимдин кандидаттыгын жактаса да чыныгы юристке айланбай, көз карашы алабарман көчө саясатчысынын деңгээлинде гана калгандыгын айгинелейт. Чындыгында укуктук, соттук маселелерге президент Сооронбай Жээнбековдун кандай тиешеси бар? Ал маселелердин баарын тийиштүү органдардагы ыйгарымдуу адистер өздөрү гана чечип, өздөрү гана жооп берүүлөрү керек. Эгерде аракеттеги президент да соттук иштерге кийлигише баштаса, анда К.Бакиевдин, А.Атамбаевдин зомбулукчул замандары тез эле кайрылып келет. Күнөөлүүлөр саясый көз караштарына, кайсыл лагерде экендиктерине карабастан мыйзам чектеринде өз жазаларын алышсын, эгерде чындап эле күнөөсү жок болсо эмне үчүн М.Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулбашы керек? Ал К.Бакиевдин тушунда ички иштер министри болгону үчүн эле өлгүчө айыптала бериш керекпи? Акаевдин, Бакиевдин тушунда чоң кызматтарда иштегендердин көпчүлүгү азыр деле чоң кызматтарда жүрүшөт го! Алардын айрымдары менен А.Бекназаровдун эң жакын мамилелерде болуп келаткандыгы да эч кимге жашыруун эмес.

Экинчиден, А.Бекназаров адилеттүүлүктү чындап жактаса эмне үчүн ушул убакка чейин Аксы окуясына байланышкан соттук иштерди толук аягына чыгара албады? Элди аткандарды жетектегендердин айрымдары азыр деле жооптуу кызматтарда жүрүшкөнү жалганбы? Ал М.Конгантиевден мурда ошолор жөнүндө ойлонсо туура болмок. Кара-Суу базарындагы кандуу окуялар, банктардагы жоголгон акчалар, Ө.Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген учурлар өңдүү коогалаңдуу көп нерселер анын эсинен тез эле чыгып кеттиби?

“Сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегенде калет жок. Азикебиз пайгамбарлык куракка жетип, өз иштерине сын көз менен карай турган деле учур келди го.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости