www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иш токтотулгандан бери жумурткадан кыр издеген аттуу-баштуулар көбөйдү. Канткен күндө дагы ойгонбогон нерселерди эске салып койсок.
2005-жылдагы ыңкылаптан кийин президенттик кызматка Курманбек Бакиев келди. Туугандарын, балдарын жогору кызматтарга дайындап, үй-бүлөлүк башкарууну улантты. Муну менен саясий оппоненттеринин бутасына айланды.
Бирок да жакындарын жогору кызматтарга дайындоо Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан эле эмес АКШда гүлдөп жатканын эске алганда Бакиевдин кемчилиги көп өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш экенин көрсөтөт.
Анын үстүнө Атамбаев чала сабат жан сакчы, шоопурлары менен мамлекетти менчигине айлантып, миллиарддап карызга батырганын эске алганда 2010-жылы бир топ тарабынан мамлекетке каршы чоң бузукулук, ал эми ага алданган адамдар тарабынан кыска ойлуулук, өз үйүн өрттөө болгон деген пикирди бекемдейт. Бул тууралуу elnews.media жазып чыкты.
Кашкайган чындык.
Эмне үчүн акылдуу Акыл Жапаровго анда кылмыш иши козголбойт? Анткени Жапаров, Конгантиевдин алдында жүрбөдү беле? Легитимдүү ички иштер министри катары тополоң чыккан жерге барып, мыйзамдуулукту орнотууга аракет жасаганы үчүн Конгантиев аеосуз сабалып, кан жалап өмүрү коркунучка келсе дагы анын сабалышы боюнча кылмыш иши ЭМНЕ ҮЧҮН козголбойт? Конгантиевди немистерден өтүп сабаган, техника жылдыргыч Ташчайнарга эмнеге кылмыш иши козголбойт? Техника эмес, тоону ордунан жылдырса дагы ал оор кылмыш кылып жатат. Эмне үчүн ушулардын баарын эки тараптуу көрбөгөн Алмазбек Атамбаевге жан тарткан Азимбек агабызга таң калып, оозубуз Ошту карап турган учур.
Андыктан, чындыкты айтыш үчүн, президент Сооронбай Жээнбековго «сигнал» берүүнүн кажети жок, чындыкты эл өзү эң жакшы билет.
Булак: NazarNews.kg