www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Азимбек мырза, бүгүн 17 – майда Кыргызстандын баардык аймактарында Курултай өткөргөнү турасыздар. Курултайдын негизги максатына токтолсоңуз?
- Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги –КУМКБ түзгөн Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин демилгеси менен бүгүн, 17- майда баардык облустарда, 23- май күнү Бишкек шаарында Жалпы Улуттук Курултай өтөт. Курултайлардын күн тартибинде, Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдигинин уюмдашуу жыйынында кабыл алынган чечимдер жөнүндө, Кыргыз паспортунда “Улуту” деген графанын ачык, так жазылышын талап кылуу, 2017-жылдын 23-май күнү Бишкек шаарында өтүп жаткан Жалпы Улуттук Курултайга делегаттарды шайлоо жанаар кыл маселе каралат.
-Демек, күндүн жана Курултайдын темасы паспорт маселеси болот экен да...
- Паспорттогу “улуту” деген графаны өкмөт жокко чыгарып салбадыбы? Биз “улуту” деген графаны кайра калыбына келтирилсин деген талапты коёбуз. Эгер бул талап аткарылбаса, Конституциялык сотко беребиз. Конституцияда “ар бир жаран өзүнүн кайсы этноско тиешелүү экенин ачык көрсөтө алат” деп жазылып турат. Мен каерде кыргыз экенимди көрсөтө алам? Паспортто гана көрсөтө алам. Бүгүн ошону да өкмөт алып салды. Мен эч жерде улутум ким экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк жок. Улутун эмне десе, тиги темирдин ичинде дейинби? Демек, менин конституциялык укугум бузулду. “Өзүңдүн чечимиңди жокко чыгар” деп ушуну өкмөткө жазабыз. Болбосо биз Жогорку Кеңешке, андан да тыянак чыкпаса, Конституциялык сотко кайрылабыз. Өкмөт кыргыз улутунун гана эмес, кыргыз жарандарынын укугун бузуп атпайбы.
-Бул көрүнүшкө кандай карайсыз, аягы кандай болот? Президент болчумун дегендер деле көрсө көрмөксөн, укса укмаксанга салгансыйт...
-Биз кыргыз эл экенибизди сезсек, кыргыз мамлекет экенибизди сезсек жан дүйнөбүздү ойготушубуз керек. Мына эки жолу саясый революция кылдык. Бирок жан дүйнөбүздүн революциясын кылдыкпы? Мына, азыр деле көпчүлүк, өзүнө эмес өзгөгө ишенип, президент болом дегендер Москвага барат дагы, Дмитрий Песковдун, жардамчысынын жардамчысы менен жолугушуп келет. Ошолорго баргандан уялбайбы? Ошолорго жолугушуу үчүн да ар кимди ортого салышат. Ушул туурабы? Вашингтондо 2014-жылы сүйлөп атсам, бир аял олтурат мени тиктеп... Көрсө ал Уйгуриядан барган Ракия деген: “Ай, Азимбек балам, кыргыздар силер бактылуу элсиңер, мамлекетиңер бар. Улутуңарды сактап калгыла. Мына биз бактысыз элбиз. Силерден 10 эсе көп болгонубуз менен мамлекеттүүлүгүбүз жок. Жаман бийлигиңер көп болсо 5 же 10 жыл олтурат, давлетиңерди, улутуңарды сактап калгыла. Бизге окшоп тентип калбагыла”, - деди. Ошол сөздү мен эч качан унута албаймын. Чын мамлекетибизди сактап калышыбыз керек. Мамлекет качан сакталат, улут болгондо сакталат. Тилекке каршы биз мамлекетибиздин кожоюну боло албай жатабыз. Маселе ошондо. Ошондуктан ар ким, ар нерсени айтып, “жакында дагы бир революция кылсаңар жок болосуңар” дешет. Менин оюмча эч качан андай болбойт.
Мен дагы бир нерсени баса белгилеп айтып кетейин, Курултайды өткөрүүдө бийлик бизден эч кам санабасын. Биз бийликтен бийлик талашкан жокпуз, бийлигинин кереги жок. Кыргыз дегени улутту сактап калышыбыз керек!
-Рахмат...
Булак: NazarNews.kg