www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм Өнөр Факультетинин, Графика бөлүмүнүн ага окутуучусу Үмит Дикмендин сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө аталган сүрөтчүнүн 20 дан ашуун кол эмгектери коюлду.

-Сиздин сүрөт көргөзмөдө Борбор Азиядагы баардык мамлекеттерди камтып кетиптирсиз.Себеби эмнеде?

-Аталган көргөзмөдө, «Түрк элдери жана уламыштары», «Шаар аянтчалары» аттуу иллюстрация жана миниатюралар, кара калем жана компьютердик графикалык программалар аркылуу тартылган иштерим коюлду. Бул сүрөттөрдүн айрымдарын 3 айдын ичинде тартып бүткөм. Заманбап ыкмадагы иллюстрацияларды чагылдуруу идеясына, атактуу кооз шаарларды гана эмес, түрк дүйнөсүнүн маанилүү маданий мурастарын да камтыдым. Бүгүн, чыгармачылык жылдарымдагы өзгөчө мааниси жана кылдаттык менен тартылган отуз жети сүрөтүмдү көрүүчүлөргө сунуштадым.

-Эмне үчүн тарыхый сүрөттөрдү камтыгансыз?

-Мага бул сүрөттөрдү тартуу оңой болгон жок. Көп убакыттарды талап кылды. Артка кайрылып, кыргыз тарыхын барактоого туура келди. Мисалы бир сүрөттү тартуу үчүн Борбордук Азияда жайгашкан мамлекеттердин ар биринин тарыхын окуп чыкканга туура келди. Алсак, Манасчы Саякбай Каралевдин сүрөтүн тартып бүткөнчө, өзүмдү Саякбай элестетип кеттим. Ошол эле учурда, Саякбайдын “Манас” эпосун айтып жатканын интернет булактарынан таап алып тынымсыз угууга туура келди. Бул сүрөттөрдү мен бүгүн гана тарттып бүткөн жокмун. Айрымдарына 8-10 жыл болгон.

-Сүрөтчүлүк кесипти качан тандап алдыңыз?

-Сүрөтчүлүк, бул биздин укум-тукумдан калган уланып келе жаткан кесип.

-Кыргызстандын тарыхы Сизге кандай таасир калтырды?

-Кыргызстанда жашаганыма 6 жыл болду. Кыргызстанда жашагандан кийин Кыргызстандын тарыхын жатка билүүбүз керек. Кыргызстандын тарыхы окуяларга бай. Мен үчүн кыргыз тарыхы өтө кызыктуу.

-Рахмат.

Эске сала кетсек, аталган көргөзмө тарых жана маданият жылынын алкагында болуп өттү. Уюштуруучу назира Бегимдин айтымына караганда болуп өткөн иш-чара Орто Азиянын жана Чыгыш өлкөлөрүнүн маданий мурастарын сүрөтчүнүн көзү менен көрүүгө мүмкүндүк берет.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости