www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга Кызыл-Кыя цемент заводунан 120 тонна цемент баасы 5 сомдон (Ош шаарындагы баадан 70 тыйын арзан) жана 10 тонна азык түлүк (өсүмдүк майы, макарон, кумшекер, чай, консерва азыктарын) алып барып элдик комиссияга жалпы калктын алдында тапшырды. Бул тууралуу Жумамидин Сулайманкулов билдирди.
Учурда турак-жайлары ураган жарандар үйлөрүн бузуп жаңы үй куруу үчүн пайдубалынын ордун даярдап башташкан. Андыктан биринчи цемент жеткирип берүүнү КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдон жергиликтүүлөр суранган эле.
Бүгүн дагы кошумча 80 тонна цемент аймака жеткирилет. Элдин муктаждыгына жараша пайдубалы тургузулган соң керектүү өлчөмдө кирпич, арматура, шифер да жеткирилип берилет. Жалпы эл өкмөт башчы С. Жээнбеков менен өлкө башчысы А. Атамбаев тарабынан көрүлүп жаткан камкордук жана көңүл буруулар үчүн ырахмат айтышып өкмөт өкүлү Т. Сарыбашовго тынымсыз кабар алып эл менен чогу болуп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Т. Сарыбашов бардык көйгөйлөр, жаралган маселелерди чечүүгө бардык аракет жумшаларын эл көңүл сыртында калбайт деп жалпы элди сабырдуулукка чакырды.
Булак: NazarNews.kg