www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Президенти Садыр Жапаров досу, үзөңгүлөшү жана санаалашы Камчыбек Ташиевди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алгандан кийин коомдук, мамлекеттик саясий ишмерлер, саясатчылар окуянын келечеги кандай өнүгөт деген ар түрдүү пикирлерин жана божомолдорун айтып жатышат.
Саясатчы Азимбек Бекназаров NazarNewsка берген маегинде Ташиев менен Жапаровдун достугу бузулбай турганын белгиледи.
Ал өз сөзүндө мындай деди:
— Мындай ары окуя кандай өнүгөт деген суроо көп берилүүдө. Кырдаал генерал Ташиевдин жүрүм-турумуна байланыштуу болот. Кызматтан кетүү – кадимки көрүнүш. Кыргызстандын 35 жылдык тарыхында мындай процесстер болгон. Бирок кызматтан кеткени үчүн ызы-чуу салуу туура эмес. Мен генерал Ташиев акыл-эстүү киши деп эсептейм.
Башынан көп кыйынчылык өткөн, тополоң эмне экенин билет. Садыр Жапаров экөө дос. Алар алты жылдан бери мамлекетте болгон ийгиликтерге да, кемчиликтерге да жооптуу. Тарых алдында да, эл алдында да. Досу менен достой сүйлөшүп алышы керек. Президенттин кимди кызматка дайындаса, аны кайра кызматтан кетирүүгө Конституциялык укугу бар. Бул үчүн эч ким аны жемелей албайт. Эч кимдин макулдугу кереги жок.
— Коомчулуктун арасында Ташиевди эскертпей кызматтан алып салгандыгы айтылууда... Ага сиздин пикириңиз кандай?
Алдын ала эскертпей кетирип жиберди деген сөздөргө келсек, бул маселе моралдык жагы, саясий эмес. Чыныгы мамлекетчил адам кызматта жүргөндө эле эмес, кызматтан түшкөндө чыныгы жүзүн көрсөтөт. Кызматтан түшкөндө айланаңдагы көлөкөлөрдү да тааныйсың, Ташиев бүгүн ушундай абалда. Бул абалдан чыныгы генералдарча чыгат деген үмүттөмүн, - дейт Бекназаров.
Эске салсак, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койгон, ага ылайык, Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Ошондой эле, УКМКнын үч орун басары кызматтан четтетилген.