www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун Камчыбек Ташиевди кызматтан алууга эмне түрткү бергенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анда ал Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын билдирди. Ошондой эле, экөөнүн ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун белгиледи.
— Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада, түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”, - деп жазды.
Мындан сырткары, Эдил Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун, бул жагдай жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын кошумчалады.