www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москва шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РФЭЧжМКА) тарабынан уюштурулган мамлекеттик башкаруу боюнча биринчи Эл аралык конгресстин ишине катышты. 

Иш-чарага Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары – Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Дмитрий Григоренко, Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Кириенко, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин, Президенттик академиянын ректору Алексей Комиссаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Данияр Амангелдиев өз сөзүндө масштабдардагы жана институционалдык моделдердеги айырмачылыктарга карабастан, мамлекеттерди кесиптик мамлекеттик кызматтын артыкчылыктарын, стратегиялык пландоонун, санариптештирүүнүн жана конкреттүү натыйжага багыт алуунун зарылдыгын жалпы түшүнүү бириктирип турарын белгиледи. 

Ал Кыргыз Республикасы улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү мыкты эл аралык тажрыйбаларды ырааттуу түрдө киргизип жатканын, ачыктыкка жана коом менен кайтарым байланыш механизмдерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү оң өзгөрүүлөр, анын ичинде мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүнүн жана башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун жогорулатуунун аркасында мүмкүн болду.

Конгресстин алкагында Данияр Амангелдиевдин Президенттик академиянын ректору Алексей Комиссаров менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Анын жүрүшүндө кадрларды даярдоо жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жаатындагы учурдагы жана келечектүү кызматташуу маселелери, анын ичинде жогорку жана ортоңку звенодогу жетекчилер үчүн билим берүү программаларын ишке ашыруу талкууланды.

Последние новости