www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы окуясынын күнүнө карата Азимбек Бекназаров Кыргыз элине жана аксылык туугандарына  чукул Кайрылуу жолдоду. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

"Урматтуу мекендештер! 17-март-эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган кара күн. 18 жылдын ичинде 17-мартта Аксы окуясы ар кандай шарттарда жана максаттарда, оппозиция, бийлик, укук коргоочулар тарабынан ар кандай деңгээлдерде эскерилип келет.

Мындан 4-5 жыл мурун ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 17-мартта бир ачуу чындыкты моюнга алып: “Эгерде Аксы окуясы болбогондо, аксылыктар болбосо 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель ыңкылаптары болбойт эле. Баары Аксыдан  башталган...»- деп абдан таасын белгилеген.

Ооба, туугандарым президенттик-үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштү. Аксыдан сиздер баштагансыздар. Оболу сиздер Кыргыздын жеринин бүтүндүгү бузулуп жатканын Жогорку Кеңеште көтөрүп, мыйзамсыз камакта жаткан өз депутаттарыңарды болгону үй камагына чыгарып коюуну бийликтен суранып, чогулуш, митинг өткөрүп, кол топтоп, ачкачылыкта турдуңар. Силерди жана өз кесиптешин колдоп Жогорку Кеңештеги аттын кашкасындай белгилүү жоон топ депутаттар чыгышты. Ондогон укук коргоочулар, журналисттер, мекенчил инсандар ачкачылык акциясында жатышты. Ш.Назаркулов ачкачылыкта курман болду. Аксылыктардын үнү бүт дүйнөгө угулду, бирок, бир гана Ак-үйдүн 7-кабатына жетпеди...

Үй-бүлөгө гана кызмат кылганды билген акаевдик бапиш чоң-сөрөйлөр, айрым депутаттардын кеңеши менен “бөрк ал десе баш алган” аким, прокурорлор, милиция жана УКМК кызматкерлери аксылыктардын үнүн биротоло өчүрүү үчүн 2002-жылдын 17-мартында Кербенди көздөй тынч акцияда туруу үчүн бараткан элди Боспиектин тушунда автомат менен токтотуп, ок чыгарат. Алты азамат окко учуп, ондогон эр-азаматтар оор жаракат алышат. Аксы жергеси ыйга толду, эл кайгыда кан жутуп турду. Бирок аксылыктар сынган жок, кайра чыйралды. Эми саясий күрөштүн урааны “Акаев кетсинге” айланды...

Аксы окуясынын башынан аягына чейин бийликке сатылбаган, алданбаган жана сынбаган жүздөгөн чыныгы баатырлар Аксы-Ош, Аксы-Бишкек жүрүштөрүн жасашты. Бийлик аларга каршы бүт күчүн жумшады. Аксылыктарды “оорулуу, наркоман, аларга жолобогула” деп, тууганды тууганга, элди элге тукурду.

Бүткүл Кыргызстан боюнча дүжүрлөрдү чогултуп, аларга караларды кошуп аксылыктарга каршы тургузду, итке талатты, камады, көчөдө асфальт үстүндө намаз окутту жана депортация кылды. Аксылыктар кыйналды, ооруду, азап тартты, далай жолу ийилди, бирок, сынган, чөгөлөгөн жана соодалашкан жок.

Аксы жергесинен башталган саясий күрөш президенттик-үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланта алды. Үй-бүлөлүк башкаруунун автору, ээси Акаев үй-бүлөсү менен 2005-жылдын 24-мартында өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду.

Урматтуу аксылык туугандарым, сиздер үй-бүлөлүк башкарууну сындыруунун заманбап жолун таап, башка элге үлгү болуп, тарыхтын жана мамлекеттик саясаттын нугун чукул буруп, тарыхты жараткан эл болдуңар! Мен Аксы окуясында шейит болгон алты азаматтын ата-энелерине, жесирлерине, уул-кыздарына эч нерсе менен орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам!

17-март менин жүрөгүмдө да түбөлүк айыкпас дарт катары жан-дүйнөмдү кыйнап, жашап келет. Аксы окуясындай кара күн кыргыз жеринде, элинде экинчи кайталанбасын. Жерибиздин бүтүндүгү бузулбай, элибиз ырыс-ынтымакта, бакубат турмушта жашасын! Бийлик ээлери мурдагы жолунан кайтып, Кудай аларга ыйман берсин. Көрүшкүчө сак-саламатта бололу. Мен ар дайым силер мененмин",-деп сөзүн аяктаган Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости