www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамдын төрөлгөн күнү, аты-жөнүнө жашырынган сандардын сыры тагдырына олутту таасир этерин көбү билгени менен жашап жаткан үйүнүн сандык коду эмнеден кабар берерин айрып ажырата албагандар четтен табылат. Эмесе, эмки сөз ошол жөнүндө болсун. Бул тууралуу ОБОН гезити жазып чыккан.
Жөпжөнөкөй арифметика
Үйдүн санын табыш үчүн номерлерди бир орундуу сан келип чыкмайынча кошо беребиз. Мисалы: сиз №34 үйдө 94-квартирада жашайсыз. Эми кошобуз: 3+4+9+4=20=2+0=2. Эгер сиздин үйдүн номери бөлчөк түрүндө болсо, жогорудагыдай эле тартипте кошобуз. Дагы бир маселе, номерге тамга кошулуп калса - чочулабаңыз, анын да жообу чечилген, ар бир тамганын артында сан бар.
1(А,И,С,Ъ), 2(Б,Й,Т,Ы), 3(В,К,У,Ь), 4(Г,Л,Ф,Э), 5(Д,М,Х,Ю), 6(Е,Н,Ц,Я), 7(Ё,О,Ч), 8(Ж,П,Ш), 9(З,Р,Щ).
Мынакей сандарды кошуп отуруп биз жашаган үйдүн да магиялык табышмагын таап алдык.
1) Бирдиктердин үйү
Бирдиктердин үйүндө жашагандар бирөөнүн кеңешин үйрөнүп, жашоосунан сабак алганча өз тажрыйбасына таянганы алда канча жемиштүү аяктайт. Бул үй эркиндикти сүйгөн, көз карандысыз, өз алдынча ой жүгүрткөн адамдардын турагы. Эгер сиз жашоодо көрүнүктүү орунда болсоңуз же кызматыңыз башкаларга камкордук көрүүгө багытталган болсо - Бирдиктердин үйүнө көчүп барыңыз. Бирок жалгыздыктан жабыркагандар бул жайга батпай, кусалыктан азаптанышат.
2) Экинин үйү
Бири биринен кыя өтпөй, жарты сөздөн, көз ирмемден түшүнгөн таттуу жубайлардын орду. Экинин үйүндө жашагандар кандай кырдаал болбосун бардык көйгөйдү тынчтык жолу менен чечип, ызы-чуудан оолак болууну самашат. Мындан сырткары окумуштуу, спортсмен, эзотериктер үчүн да ыңгайлуу жай. Бул үй адамдын сезимталдыгын күчөтөт, ошондуктан эмоционалдуу, жини мурдунун учунда тургандар экинчи үйдө жашаганга болбойт.
3) Үчүнчү үй
Бул үйдөн киши аягы үзүлбөйт, күлкү гана жаңырат, себеби анда жашагандар акылдуу жана кең пейил адамдар. Үчүнчү үйдүн аурасы жакшы ойлордон жакшылык жаратат, адамдын рухий дүйнөсүн байытып, анда өткөн үлпөт-тойдо айтылган каалоолор кайтат. Бир жаман жери - күнүмдүккө жашап, акчаны сарамжалдай албагандарга тирек боло албайт.
4) Төртүнчү үй
Бул сан туруктуулуктун жана коргоонун саны. Төртүнчү үй өзүнө ишенбеген, чечкинсиз, оома адамдардын тумарындай мүнөзүн калыптандырат, жолун ачат, жашоого үйрөтөт. Төрт саны өзү да төрт стихия: жер, суу, аба, отту бириктирип турат, ошол үчүн кеңешип иш кылган үй-бүлөнүн аракетин колдоого алып, эмгегин эселеп кайтарат. Анткен менен өтө эле түйшүкчүл, кумурска менен тең талашкан адамдар ушул үйдө жашаса такыр эле жаны тынбай калат.
5) Бешинчи үй
Бул үйдү алдын ала айтуучуга көрсөтсөң - кыйма-чийме жол, учу түгөнбөгөн сапарларды, алыс менен жакынды бириктирген сүйлөшүүлөрдү көрүп жатканын айтары шексиз. Мындай үйдө журналист, окумуштуу, мугалим жашаса чыгармачылыгына шык берет, зоболосун арттырат. Шаан-шөкөттү сүйбөгөн, тынчтыкты каалаган, дайыма чек менен жашаган адамдар бул үйдөн эч качан өз ордун таппайт, кыжалат боло берет.
6) Алтынчы үй
Калыстык менен биримдиктин белгиси. Опур-топур болсо да балдардын ызы-чуусунан, түйшүгүнөн качпаган баласаак адамдардын жана талантын өркүндөтүүнү самаган тажабастардын үйү. Алтынчы сандын табияты достук, боорукерлик жана сүйүү сезимин козгой алат.
7) Жетинчи үй
Жаратмандык ушул үйгө бекинген. Мындан сырткары ыркы кеткен тууганды, араздашкан жубайларды элдештирүүчү касиети бар экенин айтышат. Интуициянын өнүгүшүн шарттайт, ошондуктан эзотерика, медитация, мистика, философия менен алектенгендерге дал ушул үй ыңгайлуулук жаратат. А бирок материалдык байлыкты жогору койгондор бул орундан колдоо таппайт экен.
8) Сегизинчи үй
Бул сандын табияты жолдуулуктун, молчулуктун символу. Бардык учурда баары жетиштүү! Кимде-ким акчалуу болуп байлыкка кол сунгусу келсе, сегизинчи үйгө көчүп келсе жаңылбайт да өкүнбөйт. Сегиз өзү чексиздиктин белгиси, ошол үчүн сыймык да, сыйлык да жалгыз эмес жуп-жубу менен коштойт. Антсе да обу жок менен ысырапкордун жайы эмес.
9) Тогузунчу үй
Бул үй эзелки эмгектин эсесин кайтарат. Турмуштук кандай кырдаал болбосун кечиримдүүлүккө, чыдамдуулукка үйрөтөт. Анда жашаган адамдар жашоодон өзүн тапканын айтышат. Акыл менен тарбиянын мекени. Дагы бир касиети - улгайган куракта ушунчанчы үйдө жашаса кутман карылыкка жетип, бала-чакасынан урмат көрөт.
Булак: NazarNews.kg