www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Азимбек Бекназаров менен айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык.

- Азимбек Анаркулович, Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы күрөштүн үч жылдык жыйынтыгы талкууланып, Сооронбай Жээнбеков бюджетти толтурган негизги мамлекеттик мекемелерде коррупция токтобой жатканын айтты. Коррупция менен күрөш күчөдү деп айтылганы менен эмнеге токтобой жатат?

- Кыргызстанда коррупция токтобойт, улам жаңы шайлоодо жаңыланып, жаңы партиялар аркылуу сырткы жүзүн өзгөртүп жашай берет. Акыркы  төрт президенттер өз ишин «коррупция менен күрөшүүдөн» башташкан. Анын экөөсү Бакиев менен Атамбаевдер ошол эле коррупциянын курмандыгы болушту. Азыркы президентибиздин «коррупция менен күрөшүп жатканына» үч жыл толот. Мына өзү моюнуна алып жатат. «коррупция токтобой жатат» деп. Кен-байлыктардагы коррупция дың бойдон турат. Жөн эле чогулуштан чогулушка чейин айтып койбой, коррупциянын тамырына балта чабуу, жетүүнүн, аны кыркуунун жолун издөө керек. Үч-төрт чиновникти камоо менен же алардан акча өндүрүү менен коррупция токтобойт. Кыргызстандагы коррупция бул бир эле пара алуу, же кызмат абалынан аша чабуу, пайдалануу, мамлекеттик каражатты уурдоо кылмыш эле эмес. Бул тамыры бүткүл өлкөнүн жашоосун камтыган, анын саясий системасында жашаган, коомубузду бекем чырмап алган  коронавирустай улам-улам кайталанып туруучу айыкпас социалдык ооруу. Мына жакында жаңы депутаттар келишет. Бүткүл бийликти, байлыкты  башынан кайра бөлүштүрөт.

- Баса, мурдагы элчи Раимкул Аттокуров Кыргызстанды Орусияга кошуу маселесин көтөрүп, коомчулуктун сынына кабылды. Элге ачык айтылбаганы менен, чын эле жогору жакта ошондой маселе көтөрүлүп жаткан жокпу? 

- Раимкул Аттокуровдун айтканы, анын жеке пикири, андай пикирди ар ким айтканга укугу бар. Бирок убагында мамлекеттик кызматты аркалап жүрүшкөн жана чет өлкөдө иштеп, жашап жүрүшкөн кыргыздар Кыргызстан, айрыкча анын эгемендүүлүгү, мамлекеттүүлүгү жөнүндө жеке пикирин айтса да, ойлонуп сүйлөшү керек. Анткени жалпы кыргызга жана анын мамлекетине шек келтирип коёрун эстеп жүрүшү керек. Мен ар дайым «Кыргызстаныбыздын, анын бийлигинин, элинин кемчилигин үйдө - Кыргызстанда айталы. Ал эми сыртта анын жакшы жагын даңазалап жүрөлү. Кемчиликти чет элдиктер же чет мамлекет оңдоп, түзөп бербейт.   Жаманыбызды жашырып жүрөлү» деп айтам. Азыр да Малайзиядагы студент жаштарга «мекенчилдикти өзүңөрдөн, Кыргызстанды сүйүү, таануу, даңазалоо менен көрсөткүлө, билген, жакпаган жаман нерселер болсо Кыргызстанга барганда айтасыңар” деп түшүндүрөм. Чет жерде жүрүшкөн мекендештер менен иштөө, алардын диаспоралык уюмдары менен өз ара Кыргызстандын атын жакшы жагынан чыгаруу боюнча бирге аракеттенүү элчиликтин милдеттерине кирет. Бизде мындай тескери ой-пикирлердин терең ойлонулбай айтыла бериши, мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык, мекенчилдик жөнүндөгү мамлекеттик саясаттын, идеологиянын жетишсиздигинен болуп жатат. Аттокуровдой кыргыздар Кыргызстандын ичинде да, чет жакта да аз эмес.

-Анын Кыргызстан Россияга кошулат деген сөзү көпчүлүктүн кыжырын кайнатып, "чыккынчы" деп, жоопко тартууну талап кылгандар да болду. Мындай билдирүүсү үчүн ал жоопко тартылышы керекпи?

-Мындай билдирүүлөр үчүн жоопко тартылбайт, анда сөз, ой эркиндиги бузулат. Бирок Москвадагы ал жетектеген диаспоралык координациялык кеңеш, элчилик, Москвадагы мекенчил кыргыздардын уюмдары, бул боюнча коомдук-саясий мүнөздөгү чечимди алуусу керек. Малайзиядагы кыргыз диаспорасы Аттокуровду айыптаган чечимин бир жума мурда кабыл алышып, тиешелүү жактарга жиберишти. Анткени Аттокуровдун билдирүүсү саясий жактан жалпы кыргыздарга, Кыргызстанга шек келтирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости