www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Россиянын Башкыртстан республикасында жана Оренбург облусунда кармалып турган кыргызстандыктарды автобус менен алып өтүү үчүн дагы бир ирет "жашыл коридор" ачып бермей болду. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери Башкыртстандагы кыргыз жарандарын Соль-Илецк шаарына жеткирүү менен алектенүүдө. Алар чек арадан өткөн соң автобустарга отургузулуп, мекени тарапты көздөй жол тартат.

"Чогулган элдин саны өтө көп болгондуктан, кыргыз-казак чек арасын өтүү жана Кыргызстанды көздөй жөнөтүү процесси 24-25-сентябрь күндөрү эки этап менен өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМден билдиришкендей, коридор бир гана жолу өтүп кетүү үчүн ачылат, Россия-Казакстан чек арасы мурдагыдай эле жабык турат.

Эске салсак, буга чейин Россия менен Казакстандын чек араларына жакын аймакта 3 200дөн ашык кыргызстандык мекенине кетүү үчүн чогулуп турганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости