www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы ишенимин жоготконуна байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, тиешелүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Ал эми кызматтан бошотууга анын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кармалганы болгон.

Белгилей кетсек, 21-сентябрда кармалган жетекчи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, салык кызматынын башка кызматкерлери менен биригип, жарандарынын атына патенттин мыйзамсыз берилишине өбөлгө түзгөн, салык кызматкери алардын атына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарларды ташып келген. Бирок, салык төлөгөн эмес, жалпысынан бюджетке 6 миллион сом салык төлөнгөн эмес.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости