www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-февралда “Дасмия” комплексинде Элдик Курултай болуп өттү. Курултайга 500гө жакын делегат катышты. Курултайда Кыргызстандагы Конституциялык реформа, кен-байлыктарды туура пайдалануу, сот-укуктук реформанын жүрүшү боюнча талкууланды.

Андан сырткары “Ак калпак”партиясынын төрагасы Улугбек Маматаев 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы окуяны иликтеген коомдук комиссиянын жыйынтыгы тууралуу билдирди.

Жыйындын жүрүшүн УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев алып барса, Курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев сөз сүйлөдү. Ал эми Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров бийликтегилерге дагы Курултайдын айрым катышуучуларына дагы ачуу сын-пикирин айтты.

--Бизде чиновник болсоң элдин Курултайына келсең уят сезилет. Мен бийликке келсем дагы чакыруу менен келдим.  30га жакын Курултай уюштурдум. Мурдагы президент Атамбаев өзү “Курултайды өткөрбөгүлө таш-бараң кылгыла!”, деп айткан. Баарыңар уккансыңар! Мына азыр бул президент Курултайдын чечимдерин аткарып жатат! Бул бийлик менен элдин ортосундагы жакындашуунун белгиси! Ары жак, бери тарапка барып акыл айтканды жакшы билебиз. Курултайга келесиңер дагы өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңарды айтып кете бересиңер, улут менен мамлекеттин маселесичи?! Анан бизди сөгөсүңөр! Эми эмне кылабыз? Бүгүн Курултай өтөт, президенттин бизге көңүлү түз, бирок парламент, өкмөт баягы эскиче Атамбаевдин колтугунда жүргөндөй иштеп жатат. Алар, Атамбаевдин колтугунан Жээнбековдун колтугуна өтүп алган! Чынын айтыш керек, президент жалгыз иштеп жатат! Ошондуктан Өкмөт өзүнүн ишин так кылганда бүгүн көйгөй болмок эмес! Парламент 10 жылдан бери Элдик Курултай мыйзамын кабыл ала элек. Эгерде, Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алып койсо, биз Курултайды мыйзам чегинде өткөрмөкпүз!”, - деди Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

Төмөнкү тасмада саясатчы, Азимбек Бекназаровдун Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзү толугу менен.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости