www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан каза болгондордун саны 724 адамга жетти

Коронавирустан каза болгондордун саны 724 адамга жетти.  Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссия 8-февралга алынган маалыматты таратты.

Маалыматка таянсак,  тумоодон жалпысынан  724 адам көз жумса, 34 миң 871 адам вирусту жуктуруп алган. Мындан тышкары, бир суткада ооругандардын саны 3 миң 399 адамга, каза болгондордун саны 86га өстү.

Эске салсак, кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган. Жакында ДСУ Кытайдагы вирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости