www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамкатчысы Майк Помпео менен кыргыз жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашканы айтылды. Буга чейин АКШ бийлиги 7 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө киргизгени белгилүү. АКШ бийлигинин бул чечимине биздеги паспорт жаатындагы башаламандыктар негиз болгонун айтышууда. 

-- Махабат айым, АКШнын Кыргызстандын жарандарына визалык режимди чектеген чечимин кандай кабыл алдыңыз?

-- АКШ президенти Дональд Трамп жаңы шайлоо убагында өз элине “миграция жаатында катуу күрөшөм, мигранттарды кыскартам, Мексика тарапка дубал тургузуп, чек араны бекемдейм” деп элине сөз берген. Ошол сөзүн аткарып жатат да. Ал эми киргизилген визалык чектөөгө Кыргызстан дагы кошулуп калганы өкүнүчтүү. Учурда биздин он миңдеген жарандарыбыз Америка штаттарында иштеп, мигрант болуп жүрүшөт. Айлык акылары жогору болуп, жашоо-шарттары жакшы болгондуктан, убактылуу чыга албай иштеп жүрүшкөндөр да көп. Эми бул нерсе убактылуу болсо керек, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилсе керек. 

-- Тышкы иштер министри АКШнын мамкатчысы менен ушул маселеде сүйлөшүшкөнү айтылды. Депутат катары сиздерге белгилүүбү, чектөөнү алып салуу боюнча кандай мунасага келишиптир?

-- Жок, бизге азырынча белгисиз. АКШ тарап айрым талаптарды коюп, алар аткарылган соң чектөө алынарын ММКлардан окудум. Бирок, алар кандай талаптарды коюшканы менен тааныша элекмин. Балким, аткарууга мүмкүн болбогон талаптарды коюшкандыр...

-- Терроризм менен күрөшүүдө шектүүлөрдөн биздин паспорттордун чыгып жатышы бул нерсеге себеп болушу мүмкүнбү?

-- Албетте, дал ушул маселе башкы фактор болууда. Бизде паспортторду жасап сатуу жагынан фактылар көп чынында. Башка өлкөлөрдө терроризмге шектелип кармалгандар башка улут болгону менен, факты жүзүндө биздин жарандар болуп чыгып жатат. Ошондуктан, паспортторду мыйзамсыз берген жагын дыкат көзөмөлгө алып, көңүл буруп, катуу жаза көрүлүшү шарт деп эсептейм. 

Динар Турдугулова

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости