www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери тыюу салынган химиялык кислотаны мыйзамсыз ташып бара жаткан делип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-февралда, саат 22:50 чамасында милиционерлер Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Аны кароо учурунда 17 даана ак түстөгү пластик идиштерде жалпы салмагы 425 килограммды түзгөн химиялык кислота бар экендиги аныкталган.

Учурда суюктуктун курамын аныктоо үчүн соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Шектүү катары 1986-жылы төрөлгөн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери менен калаанын 1994-жылкы тургуну кармалган. Алар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости