www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен эки ач пикир жараткан референдум жана коррупционерлерди камабай кустуруу маселелери боюнча баарлаштык.
-Азимбек Анаркулович, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун коррупционерлерди камабай эле кустурам деген ыкмасы колдоого алаарлыкпы?
-Мыйзамды жакшы түшүнгөн адамдар колдойт, анткени экономикалык кылмыштарды жасаган адамды, зыяндын ордун эселеп « кустуруу» дүйнөлүк тажрыйба. Мурда эки революциядан кийин деле бул ыкма  бизде колдонулган, бирок коомчулукта мындай ыкманы тескери пиар кылгандар көп болот. Акча төлөп кутулгандар өздөрү баштайт. Тигиге мынча бердим, буга мынча бердим деген ушак айыңды. Ушул жагына көңүлдү буруу керек. Биринчи жолу 2010-жылы менин демилгем менен Убактылуу Өкмөт атайын Декрет менен ушундай иш чара өткөргөнбүз. Башында Кубатбек Байболов турган. Атайын комиссия да түзүлгөн. Миллиардаган акчалар кайтарылган, бирок кускандар аз болгон.
-Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарам деген аракети мактоого татыйбы?
-Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууну колдойм, ал үчүн кепилдикдиктердин укуктук, базасын кошо иштеп жарыялоо керек.
-Азимбек Анаркулович, шайлоодон мурун референдум өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Жаңы бийлик бул жагынан калпыстыкка жол берип алган жокпу?
-Садыр Жапаровдун командасы туура жолду тандоодо. Жалпы эл колдошу керек. Шайлоого барып, эскиче бийлик түзүү, билип, көрүп туруп аңга түшүүгө тете. Эл, коом, мамлекет жаңыланууну эбак күтүп жүрөт. Ушул парламентке, кеткен президентке 2018-жылы ноябрда 34 саясый-коомдук уюмдардын курултайында, реформаларга  баруу сунуш кылынган. Кийин элдик демилге менен үч суроо менен референдум өткөрүү мыйзам долбоору азыркы парламентке сунуш кылынган. Алар аткарбаганды мына азыркы Жапаров башында турган жаңы бийлик аткарып жатат. Референдум менен бизге кандай бийлик, кандай шайлоо системасын элден сурап алуу керек. 29 жыл ичинде бийлик ээлери 10дон ашык референдум өткөрүштү, бирок алар элге өздөрү каалагандай бийлик түзгөн даяр Конституцияны чыгарышты. Азыркы бийлик элге даяр Конституцияны эмес, кандай бийликти тандоону, шайлоо системасын суроо керек, референдумдун жыйынтыгына жараша Конституция жазылып, Кыргызстанда жаңы шайлоо өткөрүлсө биздин элдин канында демократия бар экенин дүйнө жүзү тааныйт. Борбордук Азиядагы башка элге үлгү болобуз. Чыныгы өзүбүздүн менталитетке жараша улуттук демократия калыптанат. Эл менен бийликтин ортосундагы өз ара ишеним артылат. Референдумга баруу,  келечектеги жолду, багытты эл менен бирге тандоо болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости