www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин, "Валдай" форумунда сүйлөп жатып, Алексей Навальныйдын ууланышы боюнча алгачкы жолу үн катты.

Путин мурдагыдай эле саясатчынын атын айтпай, “жаран” жана “фигурант” деп атады.

Анын айтымында, эгер бийлик Навальныйды ууландыргысы келсе, Германияга дарылоого жибермек эмес. Президент тескерисинче оппозиционерди чет өлкөгө тезирээк чыгаруу мүмкүнчүлүгүн текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айтты.

"Бул жарандын аялы мага кайрылары менен мен прокуратурага тапшырма бергем. Чыгарбай койсок деле болмок, анткени ал сот жана кылмыш иштерине байланыштуу өлкөдөн чыга албайт болчу”, - деген Путиндин сөзүн "Дождь" телеканалы жазды.

Эске салсак, Алексей Навальный август айында Томскиде ууланган. Учурда Германияда дарыланып жатат.

Белгилей кетсек, Навальный “Новичок” деп аталган зат менен ууланганы айтылууда. Ал өзүнүн ууланышынын артында президент Путин турат деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости