www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүндө ММА боюнча мыкты деп табылды. Бул тууралуу ТурСтат порталы жазды.

Аталган портал КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты мушкер кыз-келиндердин тизмесин түзүү үчүн сурамжылоо өткөргөн.

Тизменин алдыңкы ондугуна Валентина Шевченко (Кыргызстан), Лиана Жожуа (Грузия), Анастасия Янькова (Россия), Мария Агапова (Казакстан), Яна Куницкая (Россия), Александра Албу (Молдова), Антонина Шевченко (Кыргызстан), Лилия Казак (Беларусь), Лилия Шакирова (Өзбекстан) жана Ирина Алексеева (Россия) кирген.

Шевченкого жалпы 25% добуш берилген.

Эске салсак, кыргызстандык мушкер 2018-жылы UFC уюмунда эң жеңил салмакта чемпион болгон. Андан кийин чемпиондук курун үч ирет коргоп калган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости