www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Садыр Жапаров чоң чыгымдан баш тартам дегенден бери ага акыл айтчулар көбөйдү. Клара Сооронкулова «онлайн ант берсин» десе, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев инаугурацияны Ата-Бейикке өткөрүүнү сунуштай баштады. Бул чектен чыккандык эмеспи?

- Албетте, «ар ким оюна келгенди оттойт» дечи. Бирок, ар нерсенин чеги болуш керек. Инаугурация жеңиштин, ишке киришүүнүн аземи, аны ары-бери тартып, какшыктап, шылдыңдоо туура эмес. Эмнеси болсо да, ал маселе чечилген маселе да. Ага көңүл бурбоо керек.

- Неге жаңы шайланган президентке чекеден эле акыл айтчулар көп болуп жатат. Садыр Жапаров карапайым элге жакын болгон үчүн ушинтип жатышабы же чындап эле акылдуулар көбөйдүбү?

- Саясатчылар да, саясаттарыбыз да баары майдаланып, «көчөгө» чыгып, көчөдө, кухнясында, жеке сайт, түйүндөрдө «акылдуулар» көбөйгөн заман. Чындыкты эч ким укпайт, көңүл бурбайт, себеби угумдуу, жугумдуу эмес. Жеңил-желпи пиар деңгээлиндеги, куру убадалардын, «баарын мен кылгам, кылып жатам» жана башка «мендин» заманы болуп, «биз» деген сөз да жок болуп баратат. Бул доордун, мезгилдин талабы окшойт. Же «оозуң кыйшык болсо да, байдын уулу» болуш керек, же «байды» туш келди соккулаган же ага акыл айткан оппозициясы болушуң керек. Мурда ар ким өз ордун билчү, сөз укчу, сөздүн атасы өлөт же сөздүн кулу болуп калбаймынбы дечү. Азыр андай жок.

- Сегизбаев «мага иш козголушун күткөм, бирок коррупция боюнча эмес» деп жатат го. Ошондо Сегизбаевге козголгон кылмыш иши өч алуу болуп калабы?

- Эми Жапаров менен Сегизбаевдин кимиси туура экенин, тергөө, сот анан мезгил өзү тастыктайт, аны көп деле күтпөйсүңөр. Сегизбаевге саясий куугунтук болгудай ал чоң саясатчы эмес.

Президенттикке талапкер болгондордун 99 пайызы саясаттын жытын да билбейт. Ашыкча тыйындары барлар же башка бирөөнүн тыйынына чыккандар. Ошолордун бири Сегизбаев. Ал болгону ар кайсы режимдин жакшы солдаты болгон. Акаевдин, Атамбаевдин мезгилдеринде алардын режимине жакшы кызмат өтөгөн. Атамбаев ар дайым мактанып айтчы: «Пара албай иштегиле деп Сегизбаевге ай сайын өз жанымдан акча берем» - деп. Мүмкүн ошол акча үчүн Атамбаевдин Жапаровго болгон атайын «заказдарын» аткарса аткаргандыр, бирок, ал кылмыш ишти козгоого негиз болбошу керек. Себеби, Сегизбаевдин бүтүргөн кылмыш иштери боюнча соттор чечим чыгарышкан, прокурорлор айып колдошкон, ошолор биринчи кезекте жооп бериши керек.

Мен «Сегизбаевге эмне үчүн тигил же бул иш менен кылмыш иш козгобойт» деген жана башка ошондой суроолорго жооп бербейм, анткени мен дегеле кимдир бирөөнүн каалоосу боюнча эле козголгон кылмыш иштерге ар дайым каршы болуп келгем. Менин бул позициям кимге болбосун өзгөртүлбөйт.

- Кыргызстандагы абалды кырсык деген Путиндин да абалы жакшы эмес. Акыл үйрөткөн Америкада дагы революция болду. Бул эмнеден кабар берет?

- Дүйнө жүзү эч качан тынч болгон эмес. Биздеги болуп жаткан окуяларды, айрым чет элдин жөнөкөй эли эмес, ал түгүл айрым мамлекеттердин саясатчылары да билбейт. «Аа шайлоо таза өтпөй, бийлик алмашкан турбайбы» - деген деңгээлде гана билет. Биз өзүбүз «3-революция жасадык» - деп мактанып дүңгүрөп жатабыз. АКШда эч качан тынч болгон эмес, көпчүлүк «согуш», «революциялар», «кырсыктар» дал ошол АКШнын атайын уюмдары тарабынан иштелип чыгып, каржыланып, ишке ашырылат. Бүткүл дүйнөгө таркатылат.

Булак: Майдан.kg гезити

 

Последние новости