www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучусу Талант Мамытовго жеринен Кайрылуу жасады.
Урматтуу төрага жана президенттин милдетин аткаруучу!
Чындыгында, сиздин КРнын Жогорку Кеңештин төрагасы жана КРнын президентинин милдетин аткаруучу болуп калышыңыздын өзү, талашсыз күтүлбөгөн тарыхый окуяларга байланыштуу болду десек туура болот. Улуттун жана мамлекеттин башына түшкөн ушундай оор күндөрү, эң жогорку мамлекеттик кызматты аркалоонун өзү ары сыймыктуу жана ары өтө жооптуу маселе. Бүгүн сизге эң жогорку кызмат адамы катары, улутубуз менен мамлекетибиздин келечегине байланышкан тарыхый-саясий чечимдерди кабыл алуу жана аракеттерди жасоо вазийпасы жүктөлгөн. Аны сиз, мүмкүнчүлүгүңүз менен мезгилдин жана коомчулуктун талаптарына жараша аткарып жатасыз.
Ошондой ыйык милдетиңиздин бирине, дүйнө жүзүнө кыргызды дагы бир жолу тааныткан 2020-жылдын 4-13-октябрындагы Бишкектеги элдин толкундоосун, «Ак үйдүн» эл тарабынан алынышын, эң жогорку мамлекеттик бийликтин алмашышын, бул саясий кризистин келип чыгышынын себептерин жана анын күнөөкөрлөрү менен кесепеттерин ар тараптуу, көз карандысыз иликтетүү жана аныктоо үчүн, атайын бейтарап мамлекеттик комиссия түзүү кирет деп эсептейм.
Ушул маселе боюнча сизге экинчи жолу кайрылуудамын. Бул күндөр да өтөт! Бирок, биздин келечектеги урпактар, ар бир тарыхый окуяны, ар тараптуу, калыс булактардан билүүгө укуктуу. 2020-жылдын 4-13-октябрындагы бийлик алмашуу, көп жагынан 2005-жылдын март айындагы бийлик алмашууга окшош. 2005-жыл март айындагы, 2010-жылдын апрель айындагы бийлик алмашууда, мамлекеттик жана парламенттик атайын комиссиялар түзүлүп, тарых үчүн өз тыянактарын чыгарышкан. 2020-жылдын октябрь айындагы окуяга эки ай болбой жатып, эртеңки келечегибизге зыяны тийе турган, болгон да, болбогон да окуяларды ойлонбой мактана айтуу, жаратуу, Кыргызстандын ичинде да, сыртында да орун алууда. Сизди болуп өткөн саясий-тарыхый окуяны бурмалатпоого жол бербейт деген үмүт менен, бейтарап мамлекеттик комиссия түзүү боюнча дагы бир жолу кайрылам.
Урматым менен, Азимбек Бекназаров.
Булак: NazarNews.kg