www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-6-октябрь окуяларында жаракат алгандардын тизмеси түзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Вице-премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күндө активисттер өз демилгелери менен хирургдарды табышып, жабырлануучулардын айрымдарына операция жасоого жардам беришти.
«Бишкектеги 5-6-октябрда башаламандыкта жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү өкмөт көзөмөлгө алат. Ар бир жабырлануучу белгилүү бир ооруканага жаткырылат, биз реабилитацияны уюштурабыз», – деди Сурабалдиева.
Эскерте кетсек, 5-6-октябрь күндөрү Бишкекте митинг болуп, башаламандык менен аяктаган. Натыйжада милиция кызматкерлери дагы, митингдин катышуучулары дагы жапа чегишти. Бир нече адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Булак: NazarNews.kg