www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 9-декабрда Конституциялык кеңештин "Мамлекеттик түзүлүштүн негиздери" - деп аталган 1-секциясында Элдик курултайдын аныктамасы добушка коюлуп, Конституциялык кеңешке мүчө болгон жана сырттагы курултайчылар тарабынан сунушталган Элдик курултайдын аныктамасынын "Элдик курултай-кеңешүүчү, багыттоочу жана өз чечимдерин көзөмөлдөөчү жалпы элдик өкүлчүлүктүү жыйындар тутуму" - деген бирдиктүү редакциясы жана курултайдын негизги функцияларын чагылдырган жоболор өтпөй калды.
Добуш берүүнүн басымдуу бөлүгү менен Бөрүбашев жана анын тарапкерлери таңуулап, сунуштаган "Элдик курултай-коомдук кеңеш берүүчү, байкоочу жана багыттоочу элдик өкүлчүлүктүү жыйын", "Курултайдын уюштуруусу жана ишмердиги ушул Конституция жана Конституциялык мыйзам менен аныкталат" - деген редакцияда кабыл алынды.
Мындай редакция колдонуудагы Текебаевдин Конституциясынан да алсыз, себеби,
1) статусу коомдук болуп аныкталды;
2) эң маанилүү болгон мамлекеттик бийликтин ишмердигин көзөмөлдөө ыйгарым укугу берилбеди;
3) курултайдын негизги функцияларын Конституцияда эмес, кийин иштелип чыгуучу конституциялык мыйзамга шилтеп коюу, кийин мыйзамдык манипуляцияларга жол ачат.
Натыйжада, курултайдын орду жана ролу мындай аныктама менен мамлекеттик бийликке таасири жок, ага четтен эле байкоочу гана коомдук түзүм катары болуп калды.
Мындай аныктама бийликтин өзүм билемдигин шарттап жоопкерчилигин жаратпайт, коррупцияга бөгөт койбойт, бул редакция ууруларга ылайык келет. Эң жаманы, бул редакция эл арасында курултайдын кадыр-баркына шек жаратат.
Мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн жалпы эле Конституцияга, анын учурда өзөгү болгон курултайга болгон мамилеси түшүнбөстүк, өз позициясы жок ээрчиме, кайдыгерден партократ олигархтардын жана бийликтегилердин заказын аткарган кашайып каршы тургандар.
Конституциялык кеңешменин курамы жалпы элдин мүдөөсүн, талабын жана пикирин билдирбейт. Алардын курамына окумуштуулар, 21 депутат, мамлекеттик кызматкерлер, ар түрдүү батышчыл эксперттер, саясатчылар жана болгону 5-6 курултайчы кирет.
Эмне кылыш керек?
1) Мүңкүрөбөй аракеттениш керек.
2) Элге ушул маалыматты жеткирип, түшүндүрүш керек.
3) С.Жапаров айткан Конституциялык кеңешменин иши чектелбейт, Президенттик шайлоодон кийин да улантылат. Ар бир жарандын сунушу эске алынат - деген.
Ошондуктан, тармактык байланышты кеңири колдонуп, Конституциялык кеңешменин курамын жаңыртууну, бардык региондордун өкүлдөрү менен толуктоону, курултайчы авторлорду кеңешменин курамына киргизүүнү, кеңешин төрагасын жана секциялардын модераторлорун алмаштыруу маселесин коюу зарыл.
4) Указда Жогорку Кеңеш сунуштаган долбоордон башка долбоорлорду да альтернативдүү түрдө кароону талап кылуу керек.
Бул жалпы элдик иш, өзүбүздүн укугубузду өзүбүз коргойлу.
Бөкөнбай Абдрасулов, коомдук ишмер
Булак: NazarNews.kg