www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровду кепке тартып, элди торуган илдеттин алкагындагы маселелер, премьердин сунушу боюнча баарлаштык.

--Азимбек Анаркулович, аты жаман илдеттен бир күндө 58 өлүмгө чейин катталып, үрөй учурган абал жаралды. Бул жагдай үчүн бири өкмөттү күнөөлөсө, бири мындай мезгилде бирөөдөн күнөө издебеш керек дейт. Чынында өлүмү жок илдетти жеңсек болот беле?

--Адамдын өмүрү менен өлүмүнө байланыштуу суроолорго жооп берүү оюн же саясат эмес, оор суроо. Бул ооруу менен бүткүл дүйнө жүзү, бүткүл адамзат ооруп жатат. Бирөөдөн күнөө издеп болбойт. Бүткүл акыл-эстүү адамдар, бүгүн бул илдетти кантип токтотобуз деген маселенин үстүндө иштеп жатышат.

Эгерде ким күнөөлүү десек, албетте, биз адамзат өзүбүз күнөөлүүбүз. Медиктерибизди, бийликти орундуу да, орунсуз да күнөөлөгөндү токтотуп, бир муштумдай болуп, бул тумоо менен күрөшпөй жатабыз. Күнүгө канчалаган өлүм болуп жатса да кудайга, бийликке, врачтарга дегеле эч кимге ишенбеген адатыбыз калбай жатат.

Тумоодон өзүң коргон, үй-бүлөңдү, коңшуңду, жамаатыңды корго, анан жалпы аракет кыл. Күнөөлүүнү издебе, өлүмү жок илдет болбойт. Бирок өлбөөнүн жолун ар бир инсан өзүңдөн баштап изден. Өз өмүрүң өз колуңда. Бүгүн бүткүл дүйнө жүзүндөгү акыл-эс азырынча тумоону жеңүү үчүн ушуну гана тапты: Сактан, сактанганды Кудай сактайт. Маска тагын, тазалыкты сакта, контакттан кач, той-топур, эл көп чогулчу иш-чараны кийинкиге калтыр. Медиктердин, бийликтин киргизген чектөөлөрүн, сунуш-талаптарын аткар. Ушуларды аткарбай жаткан ким? Өзүбүз эмеспизби?

Албетте, өкмөтүбүздүн да күнөөсү бар. Тумоонун экинчи, үчүнчү толкундары үчүн «запасы» менен даяр турушу керек эле. Карантиндик багытта эле иштебей, тумоонун өтө оор, жугуштуу, көп кырдуу жана сыры ачыла электигин элге түшүндүрүү менен, менеджердик, сарамжалдуулукту, көрсөтүп, көрө, сезе билип, тумоодон да саясат кылышкан « тескери-кейриктерге» катуу чара колдонсо болмок.

--Коомчулукта “мындай вирус жок”- деп элди адаштырган Адахан Мадумаров менен “вирусту кытайга жөнөтүп жибердим. Кыргызстанга келбейт”- деген Арстан Алайды өкмөттөн мурун жоопко тартыш керек. Карапайым эл ушул экөөнө ишенип отуруп, илдеттен сактанбай калды деген пикирлер арбын. Бул боюнча эмне дейсиз?

--Мадумаров менен Арстан Алайга окшогондор ааламда көп, алар жалгыз эмес. Айрыкча Мадумаров алдыдагы шайлоо үчүн эле бийликти элге жек көрсөтүп, добуш алыш керектигин ошон үчүн үнү чыгып жатканын эл өзү сезиши керек да. Көпчүлүк эл аны билет.

Бирок ошол тумоону саясат кылып жатканын билишкен кыргыздын интеллигенциясы, аттуу-баштуулары, өздөрүн ак сакал, көк сакал деп жүргөндөр кайда? Дал ушундай мезгилде элдин аксакалы болуш керек эле?! Эй, Адахан, элди бузба, токтот десе болот беле?

Тескерисинче, Кыргызстан эмес бүткүл дүйнөгө тумоону Жээнбеков алып келгендей кухняларынан да, өздөрү түзгөн соцсеттерден да, жеке телефонунан да, тоодо же белде жүргөн жеринен да сүйлөө коронавирустай эле элге тумоо катары жугуп жатпайбы?! Каякта Акаевдин академик, баатырлары? Бакиевдики менен Мадумаровдор бир дейли. Отунбаева менен Атамбаевдин баатырларын да түшүнөбүз? Каякта чыныгы элдик лидерлер? Аларды кудай, эл кантип жазалашты билет, алар өздөрү жалпы элге келген ааламат тумоону саясат кылганды токтотуп, тообо кылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости