www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов күзүндө боло турчу Парламенттик шайлоого катыша тургандар тууралуу билилдирүү жазып чыкты.

“Шайлоого барчу партиялар дайын болду. Кеп эми акылдабы же акчадабы, билимдеби же бийликтеби?! Мезгил көргөзөөр!

Ошентип күздөгү Парламенттик шайлоого бараарын ниет кылып 44 партия БШКга билдиришти. Узун тизмени окуп, айрымдарынан тилим сынды. Көпчүлүгү тааныш. Айрымдары жаңы. Мурда жыдыгандары да, жымыңдап маарага чыккандары да бар. Арасында акчасына ишенген байлары менен акылына ишенген кедейлери да жок эмес. Мурда өлкөнү өнүктүрөм, элди жыргатам деп, тескерисинче элди эмес өздөрүн жыргаткандар менен өлкөнү кыйраткандары да жүрөт. Байыркыдан бери келген элинин салты менен тарыхын чанып, батыштын этегине жабышкандары да, мекениме ак кызмат кылам деген кыйындары да көзгө чалдыкты. Арасында элди жадаткан саясаттагы чалдары менен элге кызмат кылам деп аттанган жаштары да бар экен. Добушту сырттан издеген кыраандары менен өз элинен үмүт эткен жаңылары да жүрөт. Ыпластыгы менен таанылган ыймансыздары, жаратмандыгы менен айырмаланган ыймандууларын да тизмеден көрдүк. Бийликке таянган мыкчыгерлердин партиясы менен бийликти жамандаган партиялар жүрөт. Кыскасы күздө чоң аламан болгону калды. Ал аламандын жеңүүчүлөрү акыл болобу, же акчабы, же алдообу, же ыйманбы? Мезгил көргөзөөр!!!”, -дейт тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

Эске сала кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-июлда алардын толук тизмесин жарыялап, партиялардан документ кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын белгиледи.

Тизмедеги партиялар:

1. «Ата Мекен»
2. «Мекенчил»
3. «Бирик»
4. «Мекен Ынтымагы»
5. «ОРДО»
6. «Бийлик элге» («Власть народу»)
7. «Чон Казат»
8. «Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы»
9. «Единство народа»
10. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Актив»
12. «Кыргызстандын жумушчу партиясы»
13. «Республика»
14. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»
15. «Бир Бол»
16. «Демократ»
17. «Улуу журт»
18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
19. «Эмгек партиясы»
20. «Социал-демократтар»
21. «Бүтүн Кыргызстан»
22. «Чистое общество» («Таза Коом»)
23. «Ар-Намыс» («Партия достоинства»)
24. «Кыргызстан»
25. «Ыйман Нуру»
26. «Ак Калпак»
27. «Мекеним Кыргызстан»
28. «Адам-Демократ»
29. «Жаратман Эл»
30. «Биримдик» («Единство»)
31. «Реформа»
32. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы»
33. «Глас народа»
34. «Улуу Кыргызстан»
35. «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы»
36. «Тартип-Порядок»
37. «Замандаш»
38. «Кыргызстандын патриоттор»
39. «Элдик көзөмөл»
40. «Бүткүл жаштар саясий партиясы»
41. «КУТ»
42. «НУР»
43. «Өнүгүү-Кыргызстан»
44. «Билим Илим Ордосу».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости